
Новости 18:30 22.05.2024
КЭУда IV эл аралык ЖОЖдор аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргызстандын жана КМШ ѳлкѳлѳрүнүн жогорку окуу жайларынын студенттери жана магистранттары арасында «М. Рыскулбеков атындагы КЭУ» ИИУда 01.04.- 30.04.24 аралыгында өткөрүлгөн IV эл аралык олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Олимпиада 20 дисциплина боюнча өттү. Бул жылы Философия, Туризмди туруктуу өнүктүрүү жана Экономикалык география дисциплиналары кошулду. Олимпиадага Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн ЖОЖдорунан бардыгы болуп 683 катышуучу катталган. Экинчи турга өткөн 242 студент арасынан финалга 75 студент чыгып, өз тармагы боюнча мыкты аталды.
Бардык катышуучуларга, студенттердин илимий жетекчилерине, эксперттерге жана бул иш чараны эсте калаарлык өткөрүүгө чоң салымын кошкон өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдиребиз!
Толук маалымат үчүн шилтеме.
Фото репортаж ТГ каналда.
КЭУнун Facebook барагы.
КЭУ Инстаграмда.
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025