Новости 11:25 14.10.2026
В Оше состоялся тренинг по моделированию «зелёной» экономики
С 8 по 10 октября 2026 года в Ошском технологическом университете имени М. М. Адышева состоялся обучающий тренинг на тему «Методология системной динамики для оценки и планирования зелёной экономики».
Мероприятие организовано по запросу Министерства экономики и коммерции Кыргызской Республики Центром экономического моделирования и анализа НИУ «КЭУ им. М. Рыскулбекова» совместно с Программным офисом ОБСЕ в Бишкеке.
В обучении приняли участие представители государственных органов и преподаватели вузов. Участники освоили методы системной динамики, цифрового моделирования и сценарного анализа, а также подготовили и защитили групповые аналитические записки. По итогам тренинга участникам были вручены сертификаты.
Ранее подобный обучающий тренинг состоялся в Университете Центральной Азии в городе Нарыне с 1 по 3 октября 2026 года.
Полученные знания и навыки будут способствовать повышению качества стратегического планирования и принятию обоснованных решений в сфере устойчивого развития Кыргызстана.
_______________________________________________________________________________________________________________________________
Ош шаарында «жашыл» экономиканы моделдөө боюнча тренинг өттү
2026-жылдын 8–10-октябрында М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде «Жашыл экономиканы баалоо жана пландаштыруу үчүн системалык динамиканын методологиясы» темасында окутуу тренинги өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өтүнүчү боюнча М. Рыскулбеков атындагы НИУ «КЭУнун» Экономикалык моделдөө жана талдоо борбору тарабынан Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси менен биргеликте уюштурулду.
Окутууга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышты. Катышуучулар системалык динамика, санариптик моделдөө жана сценарийдик талдоо ыкмаларын өздөштүрүшүп, топтук аналитикалык материалдарды даярдап, коргошту. Тренингдин жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Буга чейин ушул багыттагы окутуу тренинги 2026-жылдын 1–3-октябрында Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинде өткөрүлгөн.
Алынган билимдер жана көндүмдөр Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү жаатында стратегиялык пландаштыруунун сапатын жогорулатууга жана негиздүү чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзөт.
latest_news
В Оше состоялся тренинг по моделированию «зелёной» экономики...
11:25 14.10.2026
КЭУ приглашает к участию в международной конференции о роли ШОС...
10:00 13.10.2026