Новости 20:10 09.10.2026
1–2-КУРССТУН СТУДЕНТТЕРИ АРАСЫНДАГЫ САЛТТУУ ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКАЛЫК КРОСС
2026-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарындагы Жаштар паркында “Муса Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУнун Дене тарбия кафедрасы тарабынан 1–2-курстардын студенттери жана окутуучулар арасында салттуу күзгү жеңил атлетикалык кросс өткөрүлдү.
Мелдештин жүрүшүндө студенттер кыздар арасында 500 метр, балдар арасында 1000 метр аралыкка чуркашса, окутуучулар да кросско активдүү катышты.
Иш-чара студенттердин жана окутуучулардын ден соолугун чыңдоого, сергек жашоо образын жайылтууга жана спортко болгон кызыгууну арттырууга багытталды. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө грамоталар жана медалдар тапшырылды.
latest_news
5 октября — День работников образования Кыргызской Республики...
10:10 05.10.2026