banner

Жогорку сот менен Жогорку окуу жайлардын кызматташтыгы боюнча жолугушуу өттү

Новости 13:00 13.02.2026

Жогорку сот менен Жогорку окуу жайлардын кызматташтыгы боюнча жолугушуу өттү

    2026-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун алкагында сот системасы менен университеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана студенттердин практикалык даярдыгын өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Жолугушууга Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин өкүлдөрү да катышты. Университеттин атынан төмөнкү жетекчилер барды:

— Абышов Ильгиз Сабырбекович – экономика илимдеринин кандидаты, доцент, экономикалык жана укуктук маселелер боюнча проректор;
— Токторов Амантай Атантаевич – экономика илимдеринин кандидаты, Мамлекеттик тил, окуудан тышкаркы жана социалдык иштери боюнча проректор.
— Жамгырчиев Эмил Эрикович – юридика илимдеринин кандидаты, доцент, Юриспруденция кафедрасынын башчысы;

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикаларын сот органдарында уюштуруу, биргелешкен илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүү жана окуу программаларын өркүндөтүү маселелери каралды.

Бул кызматташтык университет студенттеринин практикалык тажрыйбасын кеңейтүүгө, кесиптик компетенцияларын жогорулатууга жана сот системасы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.

Telegram