banner

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» алкагында китептин тушоо кесүү аземи уюштурулду

Новости 17:45 13.02.2026

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» алкагында китептин тушоо кесүү аземи уюштурулду

   Бүгүн, 13-февраль күнү саат 11:00дө Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин чоң жыйындар залында «Сезимге болгон ак сүйүүм» аттуу жаңы китептин тушоо кесүү аземи болуп өттү.

Аталган иш-чара университетте ишке ашырылып жаткан «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун алкагында, жаштарды колдоо, алардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүү жана руханий баалуулуктарды даңазалоо максатында уюштурулду.

Кечени Мамлекеттик тил, окуудан тышкаркы жана социалдык иштери боюнча проректор, э.и.к., Токторов Амантай Атантаевич куттуктоо сөзү менен ачып берип, жаштардын чыгармачылык демилгелерин колдоого окуу жай ар дайым даяр экен баса белгилеп, жаш акындын мындан аркы чыгармачылык жолуна ийгиликтерди каалады.

Иш-чара университеттин Жаштар саясаты бөлүмү жана Студенттик сенаты тарабынан уюштурулуп, ага окутуучулар, студенттер жана меймандар катышты. Китептин автору менен болгон адабий жолугушууда чыгарманын жаралуу тарыхы, негизги идеясы жана мазмуну тууралуу кеңири маалымат берилди.

Белгилей кетсек, иш-чарага университеттин ректору тарабынан колдоо көрсөтүлүп, жаш авторлорду жана студенттик демилгелерди ар тараптан колдоо университет жетекчилигинин негизги багыттарынын бири экени баса белгиленди.

Адабий кече жылуу жана чыгармачылык маанайда өтүп, жаштарды китеп окууга, ой жүгүртүүгө жана жаңы бийиктиктерге умтулууга шыктандырды.

Telegram