Новости 09:50 12.12.2025
“Айтматов ааламы”: КЭУда Улуттук адабият күнүнө арналган кереге кеңеш өттү
2025-жылдын 11-декабрында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата “Айтматов ааламы” аттуу кереге кеңеш өттү.
Иш-чара университеттин кичи жыйындар залында уюштурулуп, ага өлкөнүн көрүнүктүү илимпоздору, окумуштуулары, окутуучулар, студенттер жана адабият өкүлдөрү катышты.
Кереге кеңештин негизги максаты – Чыңгыз Айтматовдун адамзаттык проблемаларды камтыган чыгармаларынын философиялык тереңдигин талдоо, анын дүйнөлүк маданияттагы ордун белгилөө, улуттук адабияттын өнүгүшүндөгү маанисин коомчулукка кеңири таанытуу жана жаш муунду китеп окууга, адабиятты сүйүүгө үндөө болду.
Иш-чара КЭУнун Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, п.и.к. Назира Жапаралиева айымдын куттуктоо сөзү менен ачылды. Андан соң Кыргыз Республикасынын гимни угулуп, Кыргызстандагы алдыңкы окумуштуулар – КЭУнун ректору, экономика илимдеринин доктору Гүлназ Супаева, КР УИАсынын академиги, ф.и.д., профессор Абдылдажан Акматалиев, профессор Лайли Үкүбаева, БГУнун Журналистика жана маалыматтык системалар факультетинин деканы, ф.и.к. Алтын Асанова––жогорку баалуу пикирлерин билдиришти.
Иш-чара студенттердин баяндамалары менен улантылып, алардын Айтматовдун чыгармаларына жасаган изилдөөлөрү жана ой-жүгүртүүлөрү катышуучулар тарабынан кызыгуу менен угулду. Андан соң жалпы талкуу жүрүп, Айтматовдун философиялык мурастарынын бүгүнкү коом үчүн мааниси ар тараптан каралды.
Кереге кеңештин жыйынтыгында төмөнкү РЕЗОЛЮЦИЯ кабыл алынды:
•Ч.Айтматовдун адабий мурасын терең изилдөөнү улантуу жана билим берүү процессинде кеңири колдонуу;
•Улуттук адабият күнүн жыл сайын системалуу өткөрүү;
•“Айтматов окуулары”, “Айтматовду окуйбуз” өңдүү студенттик долбоорлорду жандандыруу;
•Айтматовдун гуманизмге, боорукерликке жана тынчтыкка чакырган идеяларын жаш муундун тарбиясына активдүү сиңирүү;
•Окутуучулар жана адистер үчүн адистештирилген семинар, тренингдерди уюштуруу;
•Жаш калемгерлерди колдоо, адабий ийримдерди жана студияларды жандантуу;
•Айтматов күнүнө карата иш-чараларды медиада жана санарип платформаларда кеңири жайылтуу.
Кереге кеңештин катышуучулары Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жалпы адамзаттын руханий мурасы экенин, ал эми Улуттук адабият күнү – улуттун маданий биримдигин бекемдөөчү маанилүү күн экендигин баса белгилешти.