Новости 10:00 02.12.2025
“Манас” эпосу күнүнө арналган жумалык: мурас, маани жана жаңы муун”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №65 токтомуна ылайык “Манас” эпосун изилдөө жана жайылтуу боюнча мамлекеттик концепцияны жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнɵлүк бийиктик” уңгужолу жɵнүндɵ” 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программанын алкагында жыл сайын 4-декабрь “Манас” эпосу күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулуп келет.
М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин, Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасында быйыл да 2025-жылы “Манас” эпосунун күнүнө карата “Манас” эпосунун жумалыгы жарыяланды. Жумалыкта бир катар иш-чаралар каралган. Анын негизинде 1- декабрда студенттерге “Манас” эпосу боюнча конок лекциясы өттү.
Бул күндү белгилөөнүн максаты: "Манас" эпосун сактоо , ошондой эле өлкөдө манас таанууну өнүктүрүү, коомго жайылтуу. Кыргыз элинин баа жеткис байлыгы жана тарыхы болгон эпосту жаш муундарга ар тараптан жеткирип, кыргыз элинин руханий байлыгы болгон “Манас” эпосун баалоо, барктоо, идеологиялык багытын, маанисин, ордун белгилөө.
Мына ушундай саамалыкты филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, фольклорчу, эл аралык эксперт Орозобекова Жылдыз Калмашевна келип, маанилүү маалыматтарды берди. Студенттер өтө кызыгуу менен угушуп, суроолоруна жооп алышты.
Уюштуруучу болуп эсептелген Мамлекеттик, расмий жана чет тилде кафедрасынын жааматына жана Жылдыз Калмашевнага терең ыраазычылык билдиребиз!