banner

КЭУ жана Манас ааламы

Новости 14:40 21.11.2025

КЭУ жана Манас ааламы

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» жолун ишке ашыруу боюнча жарлыктарын аткаруу максатында, «Манас» улуттук академиясы тарабынан «Кан Манастын кырк чоро» аттуу жаңы китептин салтанаттуу бет ачар аземи Кыргыз улуттук «Манас» театрында өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын орун басары Октябрь Капалбаев, «Манас» улуттук академиясынын президентинин милдетин аткаруучу Назира Аалы кызы, КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев, КР эл артисти Түгөлбай Казаков, КР эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетов, маданий чөйрөнүн өкүлдөрү, манас таануучулар жана студенттер катышты.

Китепте кыргыз элин баскынчылардан бошотууда, көз карандысыздык жана эркиндик үчүн күрөшүүдө, бирдиктүү жана бакубат мамлекетти курууда Кан Манастын ишенимдүү кырк чоросу тууралуу маалыматтар камтылган. Эмгек Сагынбай Орозбак уулу менен Саякбай Карала уулунун варианттарынын академиялык басылышынын негизинде түзүлгөн.

Иш-чарага Муса Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУдан  150 студент жана профессордук-окутуучулар курамы катышты. Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Жапаралиева Назира Жакыповна «Манас кошууну» төш белгиси менен сыйланды. Бул төш белги эки адамга гана ыйгарылган, бири – Жапаралиева Назира Жакыповна, экинчиси – КР эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетов.

Китеп жогорку окуу жайларынын окутуучуларына, жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдерине, студенттерге жана кеңири коомчулукка арналат.

Telegram