Новости 10:00 17.11.2025
Ректордун Студенттер күнү менен куттуктоосу
Урматтуу студенттер!
Сиздерди 17-ноябрь — Эл аралык студенттер күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Студенттик жылдар — адамдын жашоосундагы эң жаркын, эң чыгармачыл, эң жооптуу мезгил. Билимге болгон кызыгууңуздар, жаңы нерсени үйрөнүүгө умтулууңуздар жана алдыга койгон максаттарыңыздар биздин университеттин өнүгүшүнө да чоң салым кошот.
Ар бириңизге ийгиликтүү окуу, чыгармачыл дем, жаңы ачылыштар жана жаркын келечек каалайм!
Эмгегиңиздер жана изденүүңүздөр өлкөбүздүн келечеги үчүн маанилүү экенин ар дайым эстеп жүрүңүздөр.
Майрамыңыздар менен, кадырлуу студенттер!
Сиздерге ишеним артып, колдоого биз дайым даярбыз.
Урматым менен,
Муса Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун ректору
Супаева Гулназ Тынаевна
latest_news
Ректордун Студенттер күнү менен куттуктоосу
10:00 17.11.2025
"Манас” улуттук академиясы менен кызматташтык
09:35 17.11.2025