banner

М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУ Замир Сооронбаевдин 70 жылдыгына арналган “Театралдык жумалыкка” катышты

Новости 14:15 10.11.2025

М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУ Замир Сооронбаевдин 70 жылдыгына арналган “Театралдык жумалыкка” катышты

8-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, режиссёр, М. Рыскулов атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин профессору Замир Сооронбаевдин 70 жылдык мааракесине арналган “Театралдык жумалык” болуп өттү.
 
Ачылыш аземине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Кыргыз эл жазуучулары Жаныш Кулмамбетов жана Кайрат Иманалиев, ошондой эле жогорку окуу жайлардын жана маданий мекемелердин өкүлдөрү катышты.
 
Иш-чарага М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун ректору Супаева Гулназ Тынаевна жана мамлекеттик тил, тарбия жана социалдык иштер боюнча проректор Токторов Амантай Атантаевич катышып, маараке ээсин куттуктап, анын кыргыз театр жана кино өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилешти.
 
Бул маданий иш-чара кыргыз театр өнөрүнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошкон Замир Сооронбаевдин чыгармачылык мурасын даңазалоого арналды.

Telegram