
Новости 16:30 18.01.2023
ИИУ КЭУ жамааты Муратбек Касымалиевди жогорку ийгилиги менен куттуктайт!
Профессор А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин жетекчиси М. Касымалиев Кыргызстандагы мектеп директорлорун тандоо сынагында республика боюнча 100 балл алган жалгыз мектеп директору болду. Белгилесек, өткөн жылы этап-этабы менен жүргүзүлгөн конкурста бул көрсөткүчкө эч ким жеткен эмес.
Муратбек Касымалиев 1995-2015-жыл аралыгында КЭУда агартуучулук кесибинин маанилүү баскычын жүргүзүп, компьютердик лаборатория башчылыгынан “Прикладдык информатика” кафедрасынын аткаруучу доценти, педагогика илимдеринин кандидатына чейин жогорулаган. Аталган мөөнөт ичинде тармагынын мыкты адистерин таптап чыгарды.
Узак тарыхы бар, техникумдан экономикалык университетке эволюциялык жол менен өткөн М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУ 70 жыл аралыгында Муратбек Усонакунович өңдүү өз тармагынын алдыңкы окутуучулары менен кызматташып, бийик максатты көздөй бирге өстү.
ИИУ КЭУ жамааты Муратбек Касымалиевди бул жетишкендиги менен куттуктап, бекем ден соолук, баштаган бардык иштерине албан ийгиликтерди чын дилибизден каалайбыз!
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025

Во главе угла - экономика!
14:00 04.06.2025