
Новости 08:05 08.09.2025
"Улуттук нарктуулуктун башаты - эне тил" аттуу студенттик илимий-практикалык конференциясы тууралуу маалымат
2025-жылдын 22-сентябрында саат 10:00дө М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын арасында “Улуттук нарктуулуктун башаты – эне тил” аттуу студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлөт. Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө жана Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу программасын (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 369 Жарлыгы) ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ №303 Жарлыгы менен бекитилген “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө” улуттук программаны иш жүзүнө ашырууга багытталган.
Негизги максаты – мекенин, эне тилин баалаган нарктуу, мекенчил, жоопкерчиликтүү жаштарды тарбиялоо, кыргыз элинин улуттук наркынын башаты эне тил аркылуу сакталып келгендигин кеңири түшүндүрүү, эне тилибиздин көркөм дөөлөттөрүн болочок кылымдарга сактап калууга студенттерди үндөө.
Иш-чаранын өтүүчү орду: М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин кичи жыйындар залы.
Мыкты макалаларга төмөнкү сыйлыктар ыйгарылат:
1. Катышкандыгы тууралуу тастыктама (жалпы катышуучуларга).
2. М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун ыраазычылык каты (илимий жетекчилерге).
3. Мыкты орундарга ээ болгон макаланын авторлоруна I, II, III даражадагы дипломдор берилет.
4. Мыкты деп тандалган илимий макалалар М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун жарчысы журналына электрондук форматта акысыз жарыяланат.
ИЛИМИЙ МАКАЛАЛАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:
Жарыялоо үчүн 3-5 бетке чейинки көлөмдөгү жеке автор же автордук жамаат тарабынан жазылган илимий макалалар кабыл алынат. Тексттин катасы текшерилип, оңдолушу зарыл (макаланын мазмунуна, сапатына автор/лор жооптуу).
1. Макалалар Microsoft Word тексттик редакторунда аткарылат.
2. Макаланын биринчи сабында: сол тарабында УДК коду жазылат.
3. Андан кийинки сапта макаланын толук аталышы орто жерде жазылат (баш тамгалар менен).
4. Кийинки сапка автордун аты-жөнү жазылат.
5. Макаланын андан кийинки сабында: оңдо автор/лор окуган окуу жайдын аталышы жана жайгашкан жери берилет.
6. Окуу жайдын аталышынан 1 интервалдан соң аннотация, андан кийин негизги сөздөр, алардан 1 интервалдан кийин макаланын тексти берилет.
7. Негизги сөздөр 5-10 сөздөн, кыргыз, орус, англис тилдеринде берилиши керек.
8. Аннотация кыргыз, орус, англис тилдеринде берилиши шарт.
9. Барактын өлчөмү – А4, барактын багыт алуусу – «китептик».
10. Барактын жээктери – бардык тарабынан 2 см.
11. Шрифти – «Times New Roman», өлчөмү – 14 интервалы – 1,5 (аннотация жана негизги сөздөр үчүн өлчөмү – 12, интервалы – 1).
Сүрөттөрдүн аталышы жана номери сүрөттөрдүн алды жагында, таблицалардын аталышы жана номери үстү жагында көрсөтүлөт. Сүрөттөр менен таблицалардын аталыштары «Times New Roman» шрифти менен жазылат, өлчөмү – 12. Таблицаларда да «Times New Roman» шрифтин колдонуу керек, өлчөмү – 12, сап аралык интервал – 1. Адабияттарга шилтемелерди, адабияттардын тизмесин берүүдө М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун жарчысы журналынын талаптары сакталат: https://drive.google.com/file/d/1a_yHLLDQdOppiLD5INMXm20O_rSwnPRG/view
сайтын караңыздар.
МАКАЛАЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ:
Макалалар кыргыз тилинде 2025-жылдын 15-сентябрына чейин talantbek.anara@keu.kg электрондук дарегине жөнөтүлөт. Кабыл алуу мөөнөтү бүткөн соң комиссия мүчөлөрү карап, макала программага киргизилет. Макалалар плагиатка каршы текшерүүдөн өткөрүлөт. Комиссиянын чечими менен тандалган мыкты макалалар М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун жарчысына жарыяланат.
КАТЫШУУЧУНУН КАТТАЛУУ КАРТАСЫ:
Катышуучунун катталуу картасы толтурулуп, макаланын электрондук түрү жогоруда көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүлөт.
Катышуучунун катталуу картасы
Автор(лор)дун аты-жөнү (толук жазуу керек)
Макаланын аталышы
Уюлдук телефону, e-mаil дареги
Окуу жайы, факультети, курсу
Илимий жетекчиси
Илимий жетекчинин телефону
БАЙЛАНЫШУУ ҮЧҮН ТЕЛЕФОНДОР:
+996 777008837 Турпанова Жылдыз Асыранбековна
+996 700647773 Шералиева Анара Жолдошбековна
+996 709073086 Талантбек кызы Анара
latest_news

Онлайн окутуу тууралуу билдирүү
12:00 05.09.2025

Объявление об обучении в онлайн-формате
00:00 05.09.2025