
Новости 12:20 11.06.2025
EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
«М. Рыскулбеков атындагы КЭУ» ИИУ командасы 2025-жылкы EXPO Жаштар Стартаптарда Улуттук чемпион аталды! Бул чон жетишкендик — студенттердин талыкпас эмгегинин, жогорку деңгээлдеги даярдыктын жана кесипкөйлүктүн жыйынтыгы. Команда мүчөлөрү инновациялык ой жүгүртүү, ишкерчилик жөндөм жана мыкты презентация көндүмдөрү менен айырмаланып, өз долбоорун ийгиликтүү коргой алышты. Алардын ынтымакта иштөө жөндөмү, креативдүү чечим табуу жана коом үчүн маанилүү идеяларды ишке ашыруу аракеттери жогорку баага татыды.
Бул маанилүү иш-чара — EXPO Жаштар Стартаптар 2025 — 29–30-май күндөрү Ош шаарында өтүп, Кыргызстандагы Enactus кыймылынын 30 жылдыгына арналды. Фестиваль алкагында өлкөнүн булуң-бурчунан келген 20дан ашуун студенттик команда өздөрүнүн туруктуу өнүгүүгө багытталган, коомго оң таасир тийгизген социалдык долбоорлорун сунушташты.
Иш-чаранын биринчи күнүнүн жыйынтыгында Enactus КЭУ командасы Кыргызстан боюнча эң мыкты 12 команда катарына кирип, жарым финалдык кубокторго ээ болду. Бул ийгилик — бир жыл бою жүргүзүлгөн пландуу иштердин, билимге жана тажрыйбага негизделген аракеттердин үзүрү. Команданын ар бир мүчөсүнүн салымы жана берилгендиги бул ийгиликке жол ачты.
Ошондой эле команда «Эң мыкты социалдык медиа баракча» номинациясында жеңүүчү аталып, заманбап медиа куралдарын колдоно билгенин жана коом менен активдүү байланыш түзгөнүн көрсөттү. Ал эми команданын капитаны Абдылдаева Бегимай «Эң мыкты капитан» деп таанылып, өзүнүн лидерлик сапаттарын жана команда башкаруу чеберчилигин далилдеди.
Бул жеңиштер КЭУ ИИУ университетинин студенттеринин демилгелери, чыгармачыл ойлору жана коомго кошкон салымдары жогору бааланып жатканын көрсөтөт. Команданын ийгилиги бүткүл өлкөдөгү жаштарга шыктандыруучу үлгү болуп, Кыргызстанда жаңы муундагы лидерлер өсүп келе жатканын тастыктайт.
Эми Enactus КЭУ командасы Кыргызстанды эл аралык деңгээлде — 2025-жылы Бангкок (Таиланд) шаарында өтө турган Enactus World Cup таймашында — сыймык менен көрсөтүүгө даярданууда. Алардын аракеттери менен өлкө атын дүйнөгө таанытуу мүмкүнчүлүгү да бар.
Бул жетишкендиктер менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Сиздерге жаңы демилгелерди, чыгармачылык ийгиликтерди жана эл аралык деңгээлдеги таанылууну каалайбыз!
latest_news

Во главе угла - экономика!
17:10 13.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025