
Новости 13:00 06.02.2025
Илим жана билим берүү тармагындагы өрнөктүү эволюция
Көрүнүктүү окумуштуу-педагог, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, “Манас” орденинин ээси, мазмундуу өмүрүн илим-билимге арнаган инсан Камчыбеков Төлөбек Кадыралиевичтин өзү түзгөн жана жетектеген КЭУ ИИУда жигердүү эмгектенип жаткандыгына бүгүн 30 жыл толуп отурат.
Төлөбек Кадыралиевич 1995-жылы 6-февралда Бишкек коммерциялык колледжинин директору болуп дайындалган. 1995-жылдын 7-февралынан тартып ушул күнгө чейин бардык күч-кубатын окуу жайдын өнүгүшүнө жумшап, омоктуу ойлорун ишке ашырып, республикадагы бирден-бир адистештирилген экономикалык багыттагы илимий-изилдөө университетине айланышына баа жеткис салым кошту.
Бүгүнкү күндө “М.Рыскулбеков атындагы КЭУ” илимий-изилдөө университети Кыргызстанда эле эмес, Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүнө, ошондой эле алыскы чет мамлекеттерге таанылган заманбап окуу жайга айланды. Университет эл аралык билим берүү жана илимий борборлор менен кызматташууну жигердүү өнүктүрүп, республикада экономиканын бардык тармактарына кесипкөй адистерди даярдоо системасын өркүндөтүүгө жана улуттук экономика үчүн инновациялык чечимдерди түзүүгө эбегейсиз көмөк көрсөтүп келет.
Урматтуу Төлөбек Кадыралиевич!
Сизди жаратман эмгегиңиздин 30 жылдык үзүрү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Биз Сизди көсөм жетекчи катары сыйлайбыз, урматтайбыз жана таазим кылабыз! Сизге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, кажыбас кайрат жана жаңы ийгиликтерди каалайбыз!
Терең урматтоо менен:
“М.Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУнун жамааты
latest_news

Во главе угла - экономика!
17:10 13.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025