
Новости 12:05 28.12.2022
Ректор балында "Хогвартска" саякат
Муса Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУда жыл жыйынтыктоочу иш чаралардын бири ректордук бал 27-декабрда болуп өттү. Балга окуудагы, спорттогу жетишкендиктери, илимий иштерге активдүү катышкан алдыңкы студенттер чакырылган.
Жаңы жылдык кече ректор, э.и.к. Кадыралиев А.Т.нын куттуктоо сөзү менен башталып, университеттин маданий жана коомдук турмушуна активдүү катышкан, илимдеги жогорку жетишкендиктерге ээ студенттерге диплом тапшыруу менен уланды.
“КЭУ бүтүрүүчүлөр ассоциациясы” салт болуп калган “КЭУ Ааламы” стипендиялык программасынын жыйынтыгын ректордук балда чыгарды. Окууда, коомдук иштерде, спорт тармагында ийгиликке жеткендер жана KЭУ брендин өнүктүрүүгө жана жайылтууга салымы бар студенттер 5 номинация боюнча стипендиат болушту.
Ондогон жарандарга жумуш ордун түзүп берген, ийгиликтүү ишкер бүтүрүүчүлөр куттуктоо сөздөрүн айтышса, өнөктөштөр КЭУ студенттеринин сапаттуу даярдыгын, маданиятын, профессионалдуулугун баса белгилеп, кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.
Ректордук бал ар жылы белгилүү бир тематика тегерегинде уюштурулат. Быйылкы иш чаранын өзөгүн “Гарри Поттер чыгармасы түздү. Жасалгаланган зал, костюмдар жана студенттер уюштурган концерттик программа меймандарды Хогвартс дүйнөсүнө алып барды.
Ректордук бал жагымдуу жана салтанаттуу атмосферада, кооз музыка ыргагында жыйынтыкталды.
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025

Во главе угла - экономика!
14:00 04.06.2025