
Новости 11:00 11.12.2024
"Кыргыз руханий дөөлөттөрү: Манас жана Айтматовдун улуу мурасы"
2024-жылдын 10-декабрында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жарыялаган 3 айлыктын негизинде, 4-декабрь “Манас” эпосунун күнүнө карата жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүн утурлай “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” аттуу талкуу өткөрүлөт.
Талкуунун максаты: студенттерге “Манас ” эпосунун жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тарбия берүү, улуу мурастарды аздектөөгө үндөө, көркөм чыгармаларды окууга кызыгууларын арттыруу, ой чабытын кеңейтүү.
Талкуунун коноктору:
- Көлбаева Мээрим Курманбековна – КР УИАнын илимий кызматкери, ф.и.д.
- Эркинбеков Улукмырза – Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жаш манасчысы
- Тагаев Нурдөөлөт – “Көйкашка” коомдук фондунун төрагасы
Талкууга М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин илимий иштер, инновация жана мамлекеттик тил боюнча проректору, э.и.д., профессордун м.а. Супаева Г.Т., окуу жайдын профессордук-окумуштуулар курамы, студенттер жана массалык-маалымат каражаттары катышат.
latest_news

Во главе угла - экономика!
17:10 13.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025