Новости 10:15 22.11.2024
КЭУ ИИУнун окутуучулары КРнын Финансы министрлигинин тегерек столуна катышышты
“М.Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУнунэ э.и.к, доценти Жумалиева Ж.З. жана э.и.к., доцент Назекова М.Т. 2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасындагы финансылык коопсуздук жана туруктуулук үчүн баалуу кагаздар рыногунун практикалык мааниси” аттуу тегерек столго катышышты.
Иш-чаранын максаты каржылык сабаттуулукту жогорулатуу, калктын аманаттарын тартуу жана улуттук каржы инструменттерин жайылтуу боюнча актуалдуу маселелерди жана каржы маданиятын жогорулатууда бул процессте ЖОЖдордун ролун талкуулоо болду.Тегерек столго катышууга Кыргыз фондулук биржасынын өкүлдөрү, министрликтин кызматкерлери, фондулук рыноктун кесипкөй катышуучулары, ошондой эле ЖОЖдордун өкүлдөрү чакырылган.
Презентацияларды КФБнын директорлор кеңешинин мүчөсү Нурбек Элебаев, «Сенти» каржы компаниясынын директору Мээрим Аскарбекова, Каржы министрлигинин мамлекеттик карыз башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Абданбек Абдыбапов, КФБнын президенти Аида Чодулова жасашты.
latest_news
Состоялось мероприятие на тему предупреждения экстремизма...
14:35 29.09.2026
Как Кыргызстану зарабатывать на знаниях?
16:20 25.09.2026
«Эне тилим — жүрөгүм»: КЭУ ИИУда Кыргыз тили күнү белгиленди...
14:45 23.09.2026
23-СЕНТЯБРЬ — КЫРГЫЗ ТИЛ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
09:25 23.09.2026