Новости 12:05 18.11.2024
Кадыралиев Алмаз Токтобекович КЭУ ИИУнун ректору болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен экономика илимдеринин доктору, доцент Кадыралиев Алмаз Токтобекович М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин ректорлук кызматына дайындалды.
Белгилей кетсек Алмаз Кадыралиев эмгек ишмердүүлүгүндө бул университетти 2019-жылдан бери жетектеп келет жана эл аралык билим берүү демилгелерине активдүү иш барып келген. Тактап айтканда, ал Кыргызстанды 70тен ашуун өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилерин бириктирген Эл аралык университет ректорлорунун ассоциациясында (IAUP) алгачкы жолу өкүлчүлүк кылган.
Окуу жай Алмаз Кадыралиевдин жетекчилигинде акыркы жылдарда билим берүү сапатын жогорулатууга, инфраструктураны чыңдоого, заманбап шарттар менен жабдууну камсыздоого жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү алкагында чоң жетишкендитерге жетти. Университеттин мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңейип, билим берүүдө, изилдөө иштеринде жаңы технологиялар колдонулуп келе жатат. Алмаз Токтобекович Кадыралиевге ректорлук кызматында дагы көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз!
Анын жетекчилигинде университет дагы өнүгүп, жаңы бийиктиктерге эшик ачаарыңызга ишенебиз!
Урматтоо менен профессордук-окутуучулук курам.
latest_news
Состоялось мероприятие на тему предупреждения экстремизма...
14:35 29.09.2026
Как Кыргызстану зарабатывать на знаниях?
16:20 25.09.2026
«Эне тилим — жүрөгүм»: КЭУ ИИУда Кыргыз тили күнү белгиленди...
14:45 23.09.2026
23-СЕНТЯБРЬ — КЫРГЫЗ ТИЛ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
09:25 23.09.2026