Новости 11:05 07.11.2024
7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү – бул ар бир улуттун өткөн тарыхын, анын эрдигин жана мурасын урматтоо күнү. Бул күнү биз ата-бабаларыбыздын кыйынчылыктарды жеңүүдө көрсөткөн эрдигине, күчүнө жана сабырдуулугуна таазим кылабыз. 
Аларды эскерүү менен биз өз тамырыбызды сактап, келечек муундарга даңктуу тарыхыбызды жеткирүүгө аракет кылабыз.
     Бул өзгөчө күнү биздин ата-бабаларыбыздын мекенибиздин коопсуздугу жана келечеги үчүн кандай эмгек кылганын, кандай кыйын кезеңдерден өткөнүн эстеп, аларга болгон ыраазычылык айтсак да аз. 
     Эркиндик, биримдик жана ынтымак үчүн күрөшкөн, өмүрүн арнаган ар бир ата-бабабыздын ысымы түбөлүккө урматталат.
      Биз үчүн алардын ар бир кадамы – сабак, ал эми эрдиги – үлгү. Тарыхыбызды эстеп, алар үчүн сыймыктануу менен бул күндү эскерүү – биздин алардын алдында аткарыла турган милдетибиз. 
     Ата-бабаларыбыздын арбагы ыраазы болсун, элебизде тынчтык жана бакубат жашоо болсун!
latest_news
                                Выездная ярмарка студентов, посвящённая Глобальной неделе денег...
15:50 31.10.2025
                                Научно-просветительский проект "Ученые будущего"
14:25 31.10.2025
                                НИУ КЭУ и НБКР: новые возможности для студентов
16:30 30.10.2025