Новости 17:00 11.10.2024
КЭУ ИИУнун студенттери менен “Катыш! Танда! Шайла!” компаниясы жолугушуу өткөрдү
2024-жылдын 10-октябрында “Катыш! Танда! Шайла!” кмпаниясынын М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин студенттери менен жолугушуусу болуп өттү! Иш-чарада Кыргызстан жаштар кыймылынын төрагасы Бекназаров Жакшылык, Кыргызстан жаштар кыймылынын ички жана тышкы иштер департаментинин жетекчиси Муктарканова Эмира сүйлөдү.
Катышуучулар келе жаткан 17-ноябрь Жергиликтүү кеңештерди шайлоо күнү боюнча маалыматтарды, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты. Андан тышкары шайлоо боюнча жана жаштардын шайлоодогу орду канчалык маанилүүлүгү жөнүндө көңүл ачуучу Kahoot оюнун ойношуп, кызыктуу белектерге ээ болушту.
Жаштар — өлкөнүн келечеги, жана ар бир добуш маанилүү!
latest_news
Состоялось мероприятие на тему предупреждения экстремизма...
14:35 29.09.2026
Как Кыргызстану зарабатывать на знаниях?
16:20 25.09.2026
«Эне тилим — жүрөгүм»: КЭУ ИИУда Кыргыз тили күнү белгиленди...
14:45 23.09.2026
23-СЕНТЯБРЬ — КЫРГЫЗ ТИЛ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
09:25 23.09.2026