
Новости 16:10 16.12.2022
КЭУ студенттерине"Ата-Бейит" мемориалдык комплексине экскурсия уюштурду
М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин “Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер” кафедрасы 2022-жылдын 15-декабрында ”Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун туулган күнүнө жана И. Арабаевдин 140 жылдыгына карата “Ата-Бейит" мемориалдык комплексине экскурсия уюштурду.
Бул иш чарага БУ-1-2-22, ФК-1-2-22, ЭБ-1-22 топторунун студенттери катышып, мемориалдык комплекс жөнүндө көптөгөн кызыктуу фактыларды жеринен биле алышты. Экскурсиянын аягында, студенттер эмоциялары менен бөлүшүп, курман болгон баатырларга багыштап, куран окушту.
Белгилей кетсек, «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси Бишкек шаарынан 30 чакырым алыстыктагы Сүймөнкул Чокморов атындагы айылда жайгашкан. Комплекс 1991-жылдын 30-августунда, өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комитеттин соккусунан бир нече күндөн кийин расмий түрдө ачылган. Бул жерге сталиндик режим тарабынан атылган Кыргызстандын ар кайсы улуттагы 137 коомдук ишмердин сөөгү, 1938-жылы мурунку кирпич чыгаруучу заводдун мешине тымызын көмүлгөн.
Бул иш чаранын максаты - өз элинин тарыхы менен тааныштыруу. Мекенге болгон сүйүүнү калыптандыруу, улуу жазуучунун эмгегине аяр мамиле кылуу жана сөз чеберчилигине болгон кызыгууну тереңдетүү. Эч ким, эч качан унутулбайт!
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025

Во главе угла - экономика!
14:00 04.06.2025