
Новости 10:25 16.12.2022
Орто кесиптик билим берүү маселелери талкууланды
«Билим берүү жөнүндө» демилгеленип жаткан Кыргыз Республикасынын Мыйзамын алкагында, 2022-жылдын 9-декабрында“Орто кесиптик билим берүүнүн” айрым маселерин талкуулоо үчүн тегерек стол уюштурулду.
Иш чарага М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин “Сапат жана аккредитация бөлүмүнүн” башчысы Н.К. Расулова, СжАБ адиси Таласбек к.С., “Экономика жана Сервис Колледжинин” директору М.К.Кадырова, тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын милдетин аткаруучу Н.Т.Шейшеналиева, ЭжСКнын билим берүүнүн сапаты боюнча башкы адиси А.Р.Ормонкулова катышты.
Ошондой эле Жогорку Кеӊештин депутаттары, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, ЖОЖ жана колледждердин жетекчилери, эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү бул жыйында өз пикирлерин сунуштады.
Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар «Билим берүү жөнүндө» КР Мыйзамын орто кесиптик билим берүүнүн мекемелеринин жана анда эмкегектенген окутуучулардын макамын так аныктап берүү өтүнүчүн билдиришти. Андан сырткары, бул тармактагы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана башка бир катар маселелер талкууланды.
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025

Во главе угла - экономика!
14:00 04.06.2025