
Новости 09:50 12.06.2024
КЭУ ИИУнун ректору А.Кадыралиевдин Ташкентке болгон иш сапарынын жыйынтыктары
2024-жылдын 29- 30-майында М. Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун ректору А.Т. Кадыралиев Ташкентке иш сапары менен барды. Иш сапардын жүрүшүндө ректор Ташкенттеги Турин политехникалык университетинин, Ташкент мамлекеттик экономикалык университетинин жана Ташкенттеги текстиль жана жеңил өнөр жай Институтунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, А.Т. Кадыралиев Өзбекстандын жогорку билим берүү, илим жана инновациялар министри Конгратбай Авезимбетович Шарипов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө ректор министрге КЭУ ИИУнун “Ардактуу профессору” мантиясын тапшырды.
Белгилесек, КЭУ ИИУнун Окумуштуулар кеңешинин Протокол №1, 02.10.2023-жылдагы токтому менен жана КЭУ ИИУнун ректорунун №110, 03.10.2023-жылдагы буйругу менен Ташкент мамлекеттик экономикалык университетинин ректору К.А.Шариповго аталган наам ыйгарылган.
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025

Во главе угла - экономика!
14:00 04.06.2025