
Новости 16:00 12.06.2024
КЭУ ИИУ -экономикалык изилдөөлөрдүн лидери
11-июнда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги EdNet агенттиги менен биргеликте жогорку окуу жайлардын ишмердүүлүгүнүн сапаты боюнча биринчи улуттук изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялашты.
Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университети (КЭУ ИИУ) өзүнүн кесиптик тармагында биринчи орунду ээлеп, экономикалык изилдөөлөр жаатындагы алдыңкы окуу жайдын статусун тастыктады. Университет ошондой эле окутуунун сапаты боюнча алдыңкы 5 ЖОЖдун жана республика боюнча ЖОЖдордун жалпы рейтингинде алдыңкы 10 окуу жайдын катарына кирди.
Бул жетишкендиктер билим берүү стандарттарынын жогорку деңгээлин көрсөтүп турат жана КЭУ ИИУнун өлкөнүн эң мыкты жогорку окуу жайларынын бири катары беделин тастыктайт.
latest_news

Онлайн окутуу тууралуу билдирүү
12:00 05.09.2025

Объявление об обучении в онлайн-формате
00:00 05.09.2025

Обьявление!
14:00 19.08.2025

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025