
Новости 13:30 29.05.2024
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 100 жыл
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 100 жылдык юбилейине карата «Кыргыз Республикасынын финансы системасынын калыптануу тарыхы, заманбап тенденциялары жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктары» аттуу жыйынтыктоочу Эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.
М.Рыскулбеков атындагы “Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин” ректору профессордук окутуучулук курамы бул иш чарага катышты.КЭУ ИИУнун ректору, э.и.д., доцент А.Т. Кадыралиев “Бюджеттин ачыктыгы: коом менен өз ара аракеттенүү механизмдери” темасында баяндама жасады.
Кыргыз Республикасынын Финансы министри А.Бакетаев иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, 900гө жакын катышуучунун башын бириктирген «Конференциялар кербенинин» өлкөнүн жети облусунда өткөн масштабдуу иш-чараларына токтолду.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров өлкөнүн Президентинин жана жалпы Министрлер Кабинетинин атынан чогулгандарды Финансы министрлигинин 100 жылдык юбилейи менен куттуктап, 1991-жылдан берки өзгөрүүлөргө токтолду. А.Жапаров белгилегендей, 1991-жылга карата өлкөнүн ИДПсы 100 миллион сомду, ал эми 2024-жылга карата 1 триллион 400 миллиард сомду түздү.
Ошондой эле иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Жумагазиев, Билим берүү министри Д.Кендирбаева, Бишкек шаарынын мэри А.Жунушалиев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Төлөнов, хАзия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси – Чжэн Ву, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл, ЭВФтин Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Фарид Талышлы, Кыргыз Республикасындагы РКӨФ өкулдөрү, БАРЭК өлкөлөрүнүн экономика жана каржы министрликтерине караштуу эл аралык донордук уюмдардын жетекчилиги (Борбордук Азиянын Регионалдык Экономикалык Кызматташтыгы) ж.б. катышты.
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025

Во главе угла - экономика!
14:00 04.06.2025