Новости 17:10 10.05.2024
Түркия элчиси КЭУнун студенттерине интеграциялык процесстердин артыкчылык, кемчилигин айтып берди
2024-жылдын 8-майында Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Илимий Изилдөө Университетинде болду.
Элчини университеттин ректору, А.Т. Кадыралиев, окуу усулдук иштер боюнча проректор Д. М. Турсуналиева, мамлекеттик тил жана өнүктүрүү боюнча проректор, Г.Т. Супаева, Эл аралык кызматташтык жана долбоорлорду ишке ашыруу департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Н.Асилова тосуп алышты.
Элчи мырзага КЭУнун тарыхы, ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу маалымат берилген соң, пландалган «Интеграциялык процесстер мамлекеттик коопсуздукту өнүктүрүүнүн жана камсыз кылуунун факторлору катары» темасындагы лекцияны студенттерге окуду.
Ал өз сөзүндө студенттерди талыкпай окуп, өзүн-өзү өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, аларды өз тармагында лидер болууга, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошууга үндөдү. Интерактивдүү жана маалыматка бай дарс аягында Доган мырза студенттерге өз алдынча окуу үчүн адабияттардын тизмесин сунуштап, алардын суроолоруна жооп берди.
КЭУ социалдык тармакта.
latest_news
Состоялось мероприятие на тему предупреждения экстремизма...
14:35 29.09.2026
Как Кыргызстану зарабатывать на знаниях?
16:20 25.09.2026
«Эне тилим — жүрөгүм»: КЭУ ИИУда Кыргыз тили күнү белгиленди...
14:45 23.09.2026
23-СЕНТЯБРЬ — КЫРГЫЗ ТИЛ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
09:25 23.09.2026