banner

“Китеп – билим, илим жана тарых кенчи”

Новости 15:30 23.04.2024

“Китеп – билим, илим жана тарых кенчи”

23-апрель күнү  М.Рыскулбеков  атындагы  Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин  А. Орузбаев атындагы Илимий  китепканасында  “Бүткүл дүйнөлүк  китеп  жана  автордук  укук”  күнүнө  карата Кара Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына  арналган  “Китеп – билим, илим, тарых кенчи” аталышындагы ишчара өттү.

Иш-чаранын максаты – жаштарды руханий-интеллектуалдык өнүгүүгө багыттоо, жаштар арасында китеп окууну адатка айландыруу, китептин адам жашоосундагы бийик ордун тастыктоо болду.

Илимий китепкана 15-апрелден тарта КЭУ ИИУда “Бир адамдан бир китеп” аттуу китеп жумалыгын жарыялаган.

Иш-чарага М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун ардактуу ректору, башкы илимий кеңешчиси, э.и.д., профессор Т.К.Камчыбеков баш болгон профессордук-окутуучулук курам, студенттер жана чакырылган коноктор катышышты.

 Төлөбек Кадыралиевич студенттерге китептин баалуулугу жөнүндө кеңири маалымат берип, китептерди белек кылды. Чакырылган конок 2023-жылдын мыкты эл агартуучусу, кесипкөй адис, өзүн-өзү өнүктүрүү багытында жазылган 8 китептин автору Чыңгыз Исмаилов студенттерди китеп күнү менен куттуктап, кызыктуу маек куруп, китептерин белекке берди.

 Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы Жапаралиева Н.Ж. китеп жөнүндө кызыктуу фактыларга токтолуп, студенттердин кызыгуусун арттырды.

 Иш-чара “Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер” кафедрасынын окутуучуларынын(соц.и.к., доцент Малтабаров Б.А., т.и.к., доцент Асантурова Т.А. жана с.и.к., доцент Мамырканов М.А ) жетекчилиги алдында студенттер даярдаган “Кара-кыргыз автономиялуу обласынын 100 жылдыгына”  арналган баяндамалары менен коштолду. Ошондой эле бардык кафедралар өз багыттарына тийиштүү китептерди китепканага белек кылышты.

Китеп күнү - окуу жайыбызга сиңип, калыптанып калган чоң руханий майрам.

КЭУ социалдык тармакта.