
Новости 09:20 15.04.2024
«Жаштар арасында баңгизаттарга каршы күрөшүү»
«Жаштар арасында баңгизаттарга каршы күрөшүү» анын ден соолукка терс таасири жөнүндө лекция 2024-жылдын 9-апрелинде М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий -изилдөө университетинде (КЭУ ИИУ) окулду.
Алдын алуу иш-чаралардын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү А. Аманов, КР ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшү кызматынын өкүлдөрү: А. Джоорбаев, У. Исматова жана Республикалык психиатрия жана наркология борборунун өкүлү Э. Байышева 1-2-курстун студенттерине баңгизат колдонууда өмүргө кандай коркунучтар жараларын айтып беришти.
Лекция жүрүшүндө студенттерге КР ИИМ БМЖКККнын кызматкерлери өспүрүмдөр арасында баңгизаттарды жайылтуу, анын ичинде дарыгердин сунушу жок берилген күчтүү таасир берүүчү заттарды камтыган фармацевтикалык препараттарды кыянаттык менен пайдалануу маселелерине токтолушту.
Мындан тышкары, коомдо өспүрүмдөр арасында «аптекалык баңгичиликти» жоюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан оперативдүү-профилактикалык иш-чаралар тууралуу соңку маалымат менен бөлүштү. Аны менен катар Республикалык психиатрия жана наркология борборунун балдар бөлүмү тарабынан «Фармацевтикалык дарыларга көз карандылыктын көйгөйлөрү», «Синтетикалык препараттар өспүрүмдөр жана балдар үчүн канчалык коркунучтуу» деген презентация тартуулады.
Иш-чаранын соңунда студенттерге социалдык тармактар жана мобилдик мессенджерлер аркылуу синтетикалык баңги заттарынын көйгөйү жана жашы жете электердин баңги кылмыштарына тартылышы боюнча видеороликтер көрсөтүлдү.
КЭУ в социальных сетях!
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025

Во главе угла - экономика!
14:00 04.06.2025