
Новости 12:05 10.04.2024
КЭУ кесиптик багыт берүү иштерин улантууда
2024-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарынын №21 орто мектебинде “Философия жана социалдык-гуманитардык илимдер” кафедрасынын башчысы Тайлакова С.Дж, улук окутуучу Каримова Б.А., улук лаборант Абас уулу Б., лицейдин окутуучулары Осмоналиева Г.Ш., Шакирова М.А. жана 2-курстун студенттери Заиров Данияр, Жоробеков Умар, Бахрамова Назгүл, Давронбекова Айжан (Юриспруденция багыты), Медербекова Гүлзада (Экономика багыты, Экономикалык коопсуздук тармагы) 9,11-класстын 120 дан ашык бүтүрүүчүсүнө кесиптик багыттоо ишин жүргүзүп кайтышты.
Жолугушууда окутуучулар М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде сапаттуу жогорку кесиптик билимдин маңызы, артыкчылыктары, кандай адистиктерге ээ боло тургандыгы тууралуу кеңири токтолушту. Студенттер болсо академиялык мобилдүүлүк, конок дарстары, профессионалдык бийиктикке жеткен белгилүү инсандар менен жолугушуу, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн такшалмалар, чыгармачылык долбоорлор, волонтердук иш сыяктуу сонун көз ирмемдерди камтыган студенттик жашоо тууралуу видео презентация көрсөтүштү.
Кесиптик багыт берүү иштери натыйжалуу жүргүзүлдү. Окуучулар баяндамаларды кызыгуу менен угуп, оздөрүн кызыктырган көптөгөн суроолорду беришти. Жолугушуу аяктагандан кийин да КЭУ ИИУ жөнүндө толугураак билгиси келгендер көп болду.
Окуучулар КЭУ ИИУ менен тереңирээк таанышуу үчүн 2024-жылдын 11-12-апрелинде отө турган Ачык эшик күнүнө чакырылды.
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025

Во главе угла - экономика!
14:00 04.06.2025