Новости 11:50 12.04.2024
МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНА УКУКТУК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА ЛЕКЦИЯ
2024-жылдын 8-апрелинде юридика илимдеринин кандидаты М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономика Илимий- Изилдөө университетинин «Бизнес жана укук» кафедрасынын доценти Тайлакова С.Дж. УВК «Гениус. Кейджи» мекеменин директору Айтиева Кымбат Сейитбековнанын чакыруусу менен 6-классынын окуучулары үчүн укуктук сабаттуулук боюнча лекция окуду.
Лекция мамлекеттин жана укуктун негиздерине арналды. Лекциянын жүрүшүндө мамлекетти мүнөздөгөн негизги укуктук белгилер талкууланды. Бийликти бөлүштүрүү принцибине, тизимдүүлүк жана тең салмактуулук принцибине, мамлекеттин жана инсандын өз ара жоопкерчилигине, юридикалык жоопкерчиликке байланышкан маселелер талкууланды.
Жеке адамдардын, андан да мектеп окуучуларынын укуктук сабаттуулугу учурдун талабы. Укуктук сабаттуулук боюнча лекциялардын циклинин алкагында УВК «Гениус. Кейджи» мекеменин дирекциясы М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономика Илимий-Изилдөө университетинин ортосунда кызматташууну сунуштады жана кийинки лекция Кыргыз мамлекетинин Негизги мыйзамы - Кыргыз Республикасынын Конституциясына арналат.
Бизнес жана укук кафедрасы
ю.и.к., доцент Тайлакова С.Дж.
latest_news
Өзбекстандын Элчиси КЭУнун студенттерине мейман дарсын окуду...
15:55 26.04.2024
НИУ «КЭУ им. М. Рыскулбекова» успешно прошел аккредитацию...
14:05 25.04.2024
“Китеп – билим, илим жана тарых кенчи”
15:30 23.04.2024