Новости 15:10 02.04.2024
КРнын Финансы министрлигинин окуу борборунда экскурсиялык лекция өттү
2024 жылдын 2-апрелинде ЭБ 1-21 тайпасынын студенттерине “Мамлекеттик
жеке өнөктөштүктүктө долбоорду каржылоо: баалоо, талдоо” – темасында
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин окуу борборунда
экскурсиялык лекция өткөрүлдү.
Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын мамлекеттик мекемелерде
сакталышы жөнүндө, тендер өткөрүү, сатып алуу порталы менен иштөө
боюнча айтып беришти.
Лекциянын аягында суроо жооптор жана Финансы министрлиги, окуу
борборунун ишмердүүлүгү боюнча да маалымат берилди.
Окуу борборунун директору э.и.к., доцент Турдумамбетова Эрке
Дөөлөтбековнага, окуу бөлүмүнүн башчысы Голубева Валентина
Владимировнага жана кызматкерлерине ыраазычылык
билдиребиз.
latest_news
МЫКТЫ КУРСТУК ИШ - III ДАРАЖАДАГЫ ДИПЛОМ
16:40 30.04.2024
ЛУЧШАЯ КУРСОВАЯ РАБОТА - ДИПЛОМ III СТЕПЕНИ
12:00 30.04.2024
Өзбекстандын Элчиси КЭУнун студенттерине мейман дарсын окуду...
15:55 26.04.2024
НИУ «КЭУ им. М. Рыскулбекова» успешно прошел аккредитацию...
14:05 25.04.2024