banner

IV эл аралык олимпиадага катталуунун нускамасы

Новости 14:10 29.03.2024

IV эл аралык олимпиадага катталуунун нускамасы

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргызстандын жана КМШ ѳлкѳлѳрүнүн жогорку окуу жайларынын студенттери жана магистранттары  арасында «М. Рыскулбеков атындагы КЭУ» ИИУда онлайн-офлайн таризде жүргүзүлгөн IV эл аралык олимпиаданын катышуучулары үчүн

НУСКАМА

Олимпиада 2 турда өтөт:

I тур - Компьютердик тестирлөө - билим берүү программаларынын окуу планындагы негизги жана милдеттүү дисциплиналар боюнча студенттердин билимдерин баалоо;

II тур - Практикалык тапшырмаларды офлайн тартибинде аткаруу - практикалык маселелерди чечүүдө теориялык билимди колдонуу көндүмдөрүн баалоо.

Тесттен өтүү боюнча нускама:

1) Google формасында каттоодон ѳтүү. Бул үчүн тѳмѳнкү шилтемени басыңыз жана тиешелүү бѳлүмдѳрүн толтуруңуз:

https://docs.google.com/forms/d/1e20RePOrij1SmXTLoEehjLFVMiBU2RK_IPGMeGjvQRo/edit

I тур. Компьютердик тестирлөө - бул билим берүү программаларынын окуу планындагы негизги жана милдеттүү дисциплиналар боюнча  билимдерин баалоо.

Катышуучулар билим берүү программаларынын окуу планындагы негизги жана милдеттүү дисциплиналар боюнча ѳздѳштүргѳн теориялык билимдерин көрсөтүшү керек. Тестирлөө 2-3 дисциплина боюнча жүргүзүлөт. Ар бир дисциплина боюнча тест тапшырмаларынын саны 25-50 түзөт. Бир тест тапшырмасын аткарууга 1,5 мүнөт берилет. Тест 100 баллга бааланат (упай бөлүштүрүү дисциплинанын өзгөчөлүгүнө жараша жүргүзүлөт).

2-тур. Практикалык маселелерди чечүүдө теориялык билимин колдонуу көндүмдөрүн онлайн-офлайн таризде баалоо.

Комиссия катчысы катышкан студенттердин санына ылайык ZOOM платформасында 30-60 мүнөткө созулган конференция уюштурат, он-лайн видеоконференциялардын ишыраатын түзөт жана комиссиянын төрайымына/орун басарына бекитүүгө берет. Бекитилген ишырааты Олимпиаданын катышуучуларына 2024-жылдын 15-апрелине чейин маалымдалат.

Кыргызстандын жана КМШ ѳлкѳлѳрүнүн жогорку окуу жайларынын арасында  студенттер жана магистранттар үчүн өткөрүлүүчү эл аралык олимпиаданын ишырааты

Иш-чаралар

Дата

Убактысы

1.

Катышуучуларды каттоо (онлайн)

1.04.2024 - 10.04.2024

10.00-18.00

2

Маалыматтарды иштетүү

11.04.2024 - 17.04.2024

10.00-18.00

3.

1- тур  (онлайн)

18.04.2024 - 23.04.2024

10.00-18.00.

4.

1-турдун жыйынтыгы

24.04.2024

10.00-18.00

5.

2-тур  (оффлайн)

25.04.2024 – 3.05.2024

10.00-18.00.

6.

Жыйынтыктоо (оффлайн)

6.05.2024 – 10.05.2024

10.00–18.00

7.

Жеңүүчүлѳрдү сыйлоо

График боюнча

 

 

Комиссия мүчөлөрү белгилүү бир тема боюнча катышуучулардын теориялык билимдерин, практикалык көндүмдөрүн аныктоого багытталган 10 суроо жана баалоо критерийлерин алдын-ала түзүшөт. Суроолор бардык катышуучулар үчүн бирдей түзүлѳт.

Олимпиаданын катышуучулары жана комиссия мүчөлөрү он-лайн конференцияга бекитилген ишыраатына  ылайык киришет. Конференциялар башталганга чейин катчы баалоо баракчаларын комиссиянын мүчөлөрүнө онлайн тартибинде тапшырат. Баалоо баракчасында 10 суроо, баалоо критерийлери, ЖОЖдордон олимпиадага катышуучулардын тизмеси камтылган. Ар бир толук туура жооп 10 баллга бааланат, натыйжада максималдуу 100 баллды  түзөт (упайлардын бөлүштүрүлүшү дисциплинанын өзгөчөлүгүнө жараша жүргүзүлөт).

Кийинки суроого өтүү мурунку суроого жооп берилгенден кийин жүргүзүлөт. Катышуучу жооп бере албаган суроолорду өткөрүп жиберүүгө укуктуу. Маселенин чыгарылышы WathsApp аркылуу комиссиянын катчысына жөнөтүлөт.

Видеоконференция аяктагандан кийин комиссия мүчөлөрү тарабынан жыйынтык чыгарылат.

Катчынын байланыш маалыматтары: Сүйүнбекова Жаннат Сүйүнбековна,

тел. + 996 507 15 10 97 jannatsjs2@gmail.com

 Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча ар бир катышуучуга электрондук сертификат берилет.

 

Дисциплиналар:

Акча, насыя, банктар;

Англис тили

Бизнес – информатика

Дүйнѳлүк экономика

Жарандык укук

Заманбап шарттарда тамак-аштын сапаты жана коопсуздугу

Информатика

Кыргыз тили жана адабияты

Математика

 

Менежмент

Маркетинг

Орус тили

Туризмди туруктуу ѳнүктүрүү

Стратегиялык менежмент

Философия

Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары

Финансы

Экономикалык география

Экономикалык коопсуздук;

Экономикалык теория

 

 

Эскертүү! Кыргыз тили жана адабияты, Орус тили, Англис тили дисциплиналары боюнча филологиялык эмес ЖОЖдордун 1-2-курстарынын студенттери, “Математика” дисциплинасы боюнча бардык багыттагы 1-2-курстардын студенттери катыша алышат.

КЭУ в социальных сетях!