banner

ЖОЖдун басма сөз кызматкерлери үчүн тренинг

Новости 11:30 18.03.2024

ЖОЖдун басма сөз кызматкерлери үчүн тренинг

16-мартта, жогорку окуу жайлардын басма сөз кызматкерлеринин кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу максатында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде тренинг болуп өттү.
 
КРнын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган иш чарада катышуучулар жаңылык жазуунун негизги аспектилери, тенденциялар, социалдык медианы жана контент стратегияларын өздөштүрүү менен таанышты. Ошондой эле, оор кырдаалдарда натыйжалуу маалымат саясатын жүргүзүү үчүн кризистик коммуникациялар талкууланды.
 
Билимге сугарган бул жолугушууну КР Билим берүү жана илим министри Д.Ш. Кендирбаева жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин деканы, профессор Мехмет Сезаи Түрк ачып берди.
 
Тренинг маалыматка бай жана кызыктуу болду. Иш-чаранын соңунда, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Уюштуруучулар Гүлмира Уметалиева жана анын командасына ыраазычылык билдиребиз.
 
Иш чарадан фото-репортаж.