banner

КЭУда эл аралык стандарттардын ролу боюнча комплекстүү ачык сабак өттү

Новости 10:00 20.10.2022

КЭУда эл аралык стандарттардын ролу боюнча комплекстүү ачык сабак өттү

2022-жылдын 13-октябрында ВЭД-1-20 тайпасында комплекстүү ачык сабак болуп өттү, аны товар таануу, бажы экспертиза жана ресторан бизнеси кафедрасынын ага окутуучусу Осмонова Бермет Бакасовна өткөрдү.

Комплекстүү ачык сабактын темасы “Эл аралык соодадагы эл аралык стандарттардын ролу” деп аталып, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун 95 жылдык мааракесине карата өткөрүлдү.

Бул иш-чарага «Кыргызстандарттын өкүлдөрү, тактап айтканда: метрология башкармалыгынын метрологиялык иштер бөлүмүнүн башчысы – Абиева Гүлмира Джумагуловна, Стандартташтыруу башкармалыгынын башкы  адиси – Алмазбек Рыпекович Майданов, жана 1-категориядагы адиси - Эльвира Нурлановна Байгазиева катышышты. КЭУдан: окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы – Сурамбаева Астра Таштанбековна, ошондой эле кафедранын окутуучулары жана студенттери болушту.

Сабак ISO 9001, 14001, 45001, 22001 сыяктуу эл аралык стандарттарды, эмгек стандарттарын, эмгекти коргоо жана коопсуздук стандарттарын колдонуу жана алардын эл аралык соодага болгон таасири боюнча видеофильмдерди көрүү, мээ чабуулу, актуалдуу маселелерди талкуулоо сыяктуу окутуунун интерактивдүү ыкмаларын колдонуу менен өткөрүлдү.

Лекциянын соңунда Кыргызстандарттан келген коноктор изилденип жаткан маселелер чындыгында маанилүү экенин жана КЭУдан алган билим студенттерттер үчүн келечекте пайдалуу боло аларын белгилешти. Өз кезегинде алар ар дайым бирге кызматташууга даяр экенин белгилешип, өндүрүштүк ишмердүүлүк академиялык чөйрө менен тыгыз байланышта болушу керектигин айтышты.

КЭУнун жамааты Кыргызстандарттын өкулдөрүн келе жаткан стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнү жана 95 жылдык мааракеси менен куттукташты.

Маалымат үчүн: Кыргызстанда 24-октябрда Стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө.