banner

Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовго КЭУнун “Ардактуу проффессор” наамы ыйгарылды

Новости 16:05 21.02.2024

Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовго КЭУнун “Ардактуу проффессор” наамы ыйгарылды

Бүгүн, 2024-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовго Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин (КЭУ ИИУ) “Ардактуу профессор”  наамы ыйгарылды. Аны КЭУнун ректору Алмаз Кадыралиев тапшырды.

Аземге КЭУнун ардактуу ректору, башкы илимий кеңешчиси Камчыбеков Төлөбек Кадыралиевич да катышып, Алмазбек Шаршембиевичти студент кезинен жакшы таанып, алгачкы жол көрсөтүүчүсү катары салымы болгонун сыймыктануу менен белгиледи.

Ректор Алмаз Кадыралиев Кыргыз Республикасынын тышкы мамлекеттик аудитинин көз карандысыз жогорку органы болгон Эсептөө палатасына кадрларды даярдап берүү багытында мындан ары иш аракеттер уланаарын жана эки мекеме аралык байланыш бекемделээрин кошумчалады.

Салтанат аземинен кийин, Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгү тууралуу студенттерге жана профессордук-окутуучулук курамга дарс окуду.

Алмазбек Акматов Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын түзүлүшү, аткарылган иштери, эл аралык байланыштар, аудит системасы жана алдыга койгон максаттары тууралуу кеңири айтып берди.

Дарстын жыйынтыгында, студенттер менен болгон кыска суроо-жооптон соң, Алмазбек Акматов КЭУ эмгек жамаатына ыраазычылыгын билдирип, стденттердин окууларына ийгилик каалады.

 

КЭУ социалдык тармакта!