banner

КЭУ №74 мектеп-лицейинде “Экономикалык, математикалык класс” ачты

Новости 17:30 08.02.2024

КЭУ №74 мектеп-лицейинде “Экономикалык, математикалык класс” ачты

Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университети (КЭУ ИИУ) мектеп окуучуларына экономиканын негиздерин окутуу, каржы сабаттуулугун арттыруу, экономикалык жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандыруу жана кесипке багыттоо максатында  Бишкек шаарындагы №74 мектеп-лицейинде “Экономикалык, математикалык класс” ачты.

Ачылышка КЭУ ректору Алмаз Кадыралиев, мамлекеттик тил жана өнүктүрүү боюнча проректор Гулназ Супаева, “Экономикалык-математикалык методдор жана статистика” кафедрасысынын жетекчиси Фарида Кулуева жана аталган мектептин директору Айнура Изатова катышты.

Бул демилге ЖОЖ жана мектептер арасындагы өз ара алаканы бекемдөө жана келечек муунга туура пайдубал түзүү, кесипке багыттоо орток стратегиялык иш планын бекемдейт.

Каржылык сабатсыздык жана кономикалык жүрүм-турум көндүмдөрүнүн начардыгынан улам коомдо көп көйгөлөр жаралууда. Ушул маселенин санын кыскартуу жана жоюу аракетинде мектеп жашынан окуучуларга белгилеп өткөн көндүмдөрдү калыптандыруу зарылчылыгы бар.

Иш планында:
  •   Аптасына эки жолу КЭУнун “Экономикалык-математикалык методдор жана статистика” кафедрасысынын окутуучусу Толомушева Зинагул Жекшеновна 10-класстын окучууларына сабак өтүп турат
  •  
    Профессор, экономика илимдеринин доктору, С.К. Кыдыралиев, профессор, экономика илимдеринин доктору Т.К. Камчыбеков жана профессор, физика-математика илимдеринин кандидаты А.Б.Урдалетова биргеликте жазышкан "Финансы жана инвест эсептер" китебинин презентациясын авторлор менен бирге өткөрүлөт.
  • КЭУда мектеп мугалимдерин квалификациясын жогорулатуу курстары өткөрүлүп турат.
  • Аталган мектептин окуучулары үчүн жумуш берүүчүлөр жана кафедра мүчөлөрү менен жолугушууларды жана кесипке багыттоо иш чараларын үзгүлтүксүз өткөрүү пландалган.