banner

“Тил – улуттук маданият, улуттук байлык, улуттук мурас” аттуу республикалык жогорку окуу жайлар аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Новости 09:25 18.10.2022

“Тил – улуттук маданият, улуттук байлык, улуттук мурас” аттуу республикалык жогорку окуу жайлар аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

2022-жылдын 13-октябрында саат 10:00дө М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин кичи жыйындар залында мамлекеттик тил күнүнө  жана Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган “Тил – улуттук маданият, улуттук байлык, улуттук мурас” аттуу республикалык жогорку окуу жайлар  аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

 

      Конференциянын максаты: мамлекеттик тилди  окутуудагы учурдагы актуалдуу көйгөйлөрдү жана аны чечүүнүн жолдорун талкуулоо, экономика илимдеринин мамлекеттик тилде окутулушуна жана илимде изилденишине салым кошуу, Т.Сыдыкбековдун тил, маданият, тарыхка кошкон салымын даңазалоо.

Конференцияга М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору, э.и.к., доцент А.Т.Кадыралиев, Мамлекеттик расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, п.и.к., проф м.а. Н.Ж. Жапаралиева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча  улуттук  комиссиянын  төрагасы К.Осмоналиев, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, “Түгөлбай Ата” коомунун төрайымы Эсенгулова Анара, “Түгөлбай Ата” коомунун мүчөсү Жеңишбеков Алихан жана М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышты.

       Конференция төмөндөгүдөй тематикалык багыттарга бөлүнгөн:

  1. Мамлекеттик тилдин абалы жана аны өркүндөтүүнүн жолдору
  2. Филологиялык эмес багыттагы жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди окутуунун абалы
  3. Т.Сыдыкбековдун кыргыз тилине кошкон салымы

       Конференциянын материалдары М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун алдындагы “Илим жана инновация”  магистрдик илимий электрондук журналына жарыяланат.

                    Конференция кыргыз  тилинде өткөрүлдү.

Конференциянын конокторунун куттуктоо сөзүнөн кийин студенттердин күчү менен даярдалган чакан концерттик программа аткарылды. Андан соң конференциянын тематикалык багыттары боюнча илимий баяндамалар окулду.

Илимий-практикалык конференциянын резолюциясы кабыл алынды.