banner

Дисней сыйкыры КЭУда- Ректор балы-2023

Новости 13:30 27.12.2023

Дисней сыйкыры КЭУда- Ректор балы-2023

Шейшемби күнү, 26-декабрда, «М.Рыскулбеков атындагы КЭУ» ИИУда «Дисней сыйкыры» темасында салттуу Ректордун балы болуп өттү.

КЭУнун жагымдуу салтына айланган аталган жаңы жылдык иш чара  окуудагы, спорттук жана илимий иштердеги активдүүлүгү менен айырмаланган мыкты студенттердин башын бириктирди. Алар университеттин коомчулугун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн татыктуу сыйлыктарга ээ болушту.

Кеченин ачылышы университеттин ректору А.Т. Кадыралиевдин жылуу сөздөрү менен башталып, студенттердин университеттин турмушуна кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Куттуктоо сөзү КЭУнун Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын төрагасы Н.С.Чаначевге да берилди.

Иш-чаранын негизги бөлүгү окуусунда гана эмес, илимий жана маданий-чыгармачылык тармагында да өзгөчөлөнүп турган студенттерге салтанаттуу түрдө грамота тапшыруу болду. Ректор студенттерге эң мыкты жетишкендиктери үчүн Ардак грамоталарды жана төш белгилерди тапшырды.

"КЭУ бүтүрүүчүлөр ассоциациясы" бул кечеде  "КЭУ ааламы" стипендиялык программасынын жыйынтыгын да жарыялап, окуу, спорт жана коомдук ишмердүүлүктө мыкты ийгиликтерге жетишкен студенттерди кубаттап, стипендияларды өз ээлерине тапшырды.

Ректордук балдын башкы өзгөчөлүгү "Дисней сыйкыры"темасы болуп, окуу жайдын чоң жыйындар залы укмуштуудай кооздолуп, жомоктогудай сыйкырдуу атмосфераны түздү. Иш-чаранын катышуучулары бул түнү Дисней каармандарынын костюмдарын кийип, кечеге көрк жана уникалдуулукту кошушту. Сабактан тышкаркы жана социалдык иштер боюнча проректор А.А. Нурматованын жана “Жаштар иштери жана креативдик өнүктүрүү департаментинин” директору С. Т. Айтбосунованын жетекчилиги астында студенттер тарабынан уюштурулган динамикалуу жана кызыктуу концерттик программа көрүүчүлөргө чыныгы сыйкырчылык атмосферасын тартуулады.

Жыл сайын өтүүчү салтка айланган ректордук бал музыкага жана сыйкырга толгон жагымдуу жана салтанаттуу шартта аяктап, бардык катышуучуларга унутулгус эскерүүлөрдү калтырды.

Иш чарадан фото-репортаж КЭУнун расмий телеграм каналында.