Новости 12:00 25.12.2023
КЭУ студенттери Президенттик стипендия алышты
КР Президенти Садыр Жапаров 23-декабрда 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуган студенттерге салтанаттуу түрдө Президенттик стипендия тапшырды.
"М.Рыскулбеков атындагы КЭУ" ИИУ нун да үч ийгиликтүү студенти президенттик стипендияга ээ болушту.
Мыкты окуган студенттердин арасында “Бизнес информатика” адистигинде окуган Самакова Алина Эрмековна, “Бухгалтердик эсеп жана аудит” адистигинин студенти Аристова Анастасия Игоревна жана “Товар таануу жана ресторан бизнеси” бөлүмүнүн студенти Кислов Илья Алексеевич Президенттик стипендияга ээ болушту.
Быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 75 студент Президенттин колунан мактоо баракчаларын жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия алышты.
Студенттерибизди чын дилибизден куттуктап, мындан ары да ийгиликтерди багынта берүүлөрүнө тилектешпиз!
latest_news
5 октября — День работников образования Кыргызской Республики...
10:10 05.10.2026
КЭУ ИИУнун ректору Кыргыз-Россия билим берүү форумуна катышты...
12:40 02.10.2026
Состоялось мероприятие на тему предупреждения экстремизма...
14:35 29.09.2026