Новости 17:45 31.10.2023
Интеллектуалдык таймашта КЭУнун студенттери баш байгени ээледи
30-октябрда “М.Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУнун студенттеринин “Ok, Google” командасы Салымбеков Университетинде “Агартуу лигасы” тарабынан уюштурулган интеллектуалдык таймашта биринчи болушту.
Жарышка жогоркуу окуу жайлардын студенттеринен турган 15 команда катышкан.
Таймаштын жүрүшүндө катышуучулар ар тармактуу суроолорго жооп берип, дүйнө таанымын ,интеллектуалдык дараметин сынап көрүштү.
⠀
Жыйынтыгында алдыга озуп чыккан тайпаларга акчалай сыйлыктар жана тил курстарына сертификат ыйгарылган.
“МБИ”тайпасынан катышкан КЭУ өкүлдөрүн бул ийгилиги менен чын дилден куттуктайбыз!
latest_news
«Развитие банковского сектора и инновационные решения KICB»...
16:20 27.10.2025
Гостевая лекция на тему: «Основы финансовой грамотности»...
13:05 24.10.2025