banner

Студенттердин тамак-аш көргөзмөсү эң жогорку баага татыды

Новости 11:25 28.10.2023

Студенттердин тамак-аш көргөзмөсү эң жогорку баага татыды

“М.Рыскулбеков атындагы КЭУ” ИИУда окуу жайдын  түптөлгөнүнө 70 жыл ал эми жогорку окуу жай макамын  алганына 25 жылдыгы белгиленди. 70 жылдык мааракеге 70 түрдүү иш -чара уюштурулуп, жыйынтыктоочу иш- чара 25-октябрда “Экономикалык реалдуулуктун жаңы чакырыктары” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция менен коштолуп өттү.

Конференциянын меймандарына уюштурулган  түшкү тамактануу-банкети Экономика жана тейлөө колледжинин окутуучусу Бектурова Астра Кыдыковна баш болуп “Туризм” жана “Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы” адистигинде окуп жаткан, Туркиядан практика өтүп келген студенттер, конокторду тейлөөнүн башында турушуп, тейлөө жогорку деңгээлде уюшулду. Ал эми ошол түшкү банкетке даамдуу тамактарды даярдап дасторконду ажарына чыгарган СО-1-23 тайпасы менен окуу чеберчилик устаканасынын чебери Акылова Айнурага өзгөчө ыраазычылык билдирип кетишти.

Бул мааракеде КЭУнун түптөлгөнүнөн баштап эле миңдеген адистерди даярдап, бүтүрүп келе жаткан коомдук тамактануу азыктарынын технологиясынын көп жылдык тажрыйбалуу окутуучусу Абдыкадырова Нурайым  студенттери менен биргеликте өздөрүнүн тамак -аш даярдоодогу чеберчиликтерин, артыкчылыктарын көргөзмөдө  көрсөтүштү.

Көргөзмөнүн максаты  “Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы” адистигинде окуп жаткан студенттердин эмгектерин баалап көрсөтүү. Алган билимдерин  практика жүзүндө колдоно алуу болду.

Көргөзмөдө банкеттик тамак аштар, кулинардык-кондитердик азыктар, таттуулар, көз жоосун алган даамдардан эл аралык сыйлуу коноктор даам татышып студенттердин жасаган эмгектерине эң мыкты деген баа беришти.

Көргөзмөдө коюлган бардык тамак-аштарды бир гана чет элдик коноктор гана эмес, Бишкек шаарындагы белгилүү болгон “Империал”, “Palazzo”  ресторандарынын бренд-шефи Алиев Анвар, шеф-повары Курманбек уулу Чыңгыз андан сырткары ата-энелер, студенттер өздөрү да даам татып баалашты.

Ата-энелер көргөзмөнүн негизги финансылык демөөрчүлөрү болгондуктан, даярдалган  азык-түлүктөрдү студенттер өздөрү каржылагандыктан ата-энелерине, туугандарына даам сыздыруу үчүн алып кетишти.

Студенттерин ата-энелери балдарынын туура кесип тандаганына, кулинардык даамдарын татып көрүшүп колледждин жалпы окутуучулар жамаатына, анын ичинен технология жана соода ОУКсынын окутуучусу Нурайым Абдылдаевнага ыраазычылыктарын билдирип кетишти.

Иш чарадан фото-репортаж