banner

КЭУ КЕЛЕЧЕКТИ КӨРӨ БИЛЕТ

Новости 10:00 03.10.2023

КЭУ КЕЛЕЧЕКТИ КӨРӨ БИЛЕТ

       Юбилейдин алдында окуу жайыбыз үчүн  кубанычтуу ийгилик болду. Чейрек кылым бою КЭУну бүгүнкү даражага жеткирген башкы илимий жетекчибиз, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин ректорунун кеңешчиси Төлөбек Кадыралиевич Камчыбеков агайыбыз үчүнчү даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Бул окуя окуу жай үчүн чоң сыймык!

 М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университети окуу жайынын “Университет” деген макамды алганына 25 жыл жана окуу жай катары түптөлгөнүнө 70 жыл толуп, үстүбүздөгү жылдын октябрь айында юбилейибизди белгилөөнүн астында КЭУнун 25 жыл  жетектеп, көк мелжиген ийгиликтерди багындырууда далай күжүрмөндүктү жумшап, күнү-түнү кызмат кылып, Кыргызстандын экономкасын көтөрүүдө дарамети күчтүү профессордук-окутуучулук жамаатты  топтоп, мыкты менеджерликти өздөштүргөн Төлөбек Камчыбеков агайыбыз III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланышы да бекеринен эмес. Бул сыйлык окуу жай үчүн да чоң сыймыкты алып келди. Аны менен бирге алдыда түмөн-түйшүктүү милдет бар экенин эмгек жамааты жакшы түшүнөт.

М.Рыскулбеков атындагы КЭУ өзгөчө макам алып, илимий-изилдөө мекемеси катары тааныла баштады. ИИУ КЭУ Кыргызстандагы негизги экономикалык окуу жай болгондуктан, бир эле экономикалык багыттагы гана эмес, туризм, бизнес информатика, товарды эксперттөө жана ресторандык бизнес багыттары боюнча заманбап адистерди даярдап, өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө зор салымын кошууда.

Туризмди өнүктүрүү үчүн “Туроператордук жана турагенттик  тейлөөнү уюштуруу жана технологиясы”, “Меймандостук жана туризм индустриясындагы менеджмент”, “Эл аралык туризм” сыяктуу эмгек рыногунда талап кылынуучу кесиптерди даярдап, уядан учурушат.

Билим берүү -өнүгүүнүн жана өркүндөп өсүүнүн эң маанилүү куралынын бири. Сабаттуу, жогорку кесипкөй адистер болбосо, экономикалык туруктуу бакубат мамлекет курууга мүмкүн эмес.   Билим гана ар кайсы жердеги ар түрдүү этноско, маданиятка ээ адамдардын башын кошо алат. Андыктан, бул окуу жайда республикабыздын ар түрдүү улуттарынан жана чет өлкөлүк студенттердин курамынан турушу окуу жайыбыздын ар тараптуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

          КЭУда  Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кытай ж.б. мамлекеттерден келген студенттер билим алышат. Академиялык эркиндик – өнүгүүгө өбөлгө түзөрүн баарыбыз билебиз. Ошондой эле, заманбап билим берүүдө чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүз да мобилдүүлүк боюнча дарс окуп, практикалык бөлүктөрүн жигердүү алып барышат.

Азыркы учурда, жогорку окуу жайлардын толук кандуу өнүгүшүнө каржылык боштондук  сыяктуу эле академиялык эркиндик дагы жетишпейт. Чет мамлекеттерде окуу жайлардын бардыгы ишмердигин эркин жүргүзөт. Мисалы, Улуу Британиянын окуу жайлары жүз пайыз эркин болсо,  айрым мамлекеттерде 50%-90% өткөн. Алар каалаган өнөктөштөрү, жергиликтүү компаниялар менен биргеликте окуу пландарын түзүп, адистерди суроо-талапка жараша даярдашат.

Азыр бизде дагы бул жагынан жылыштар болуп, жакшы иштер аткарыла баштады. Жаңы муундагы окуу стандарттары боюнча университеттерге бир аз болсо да эркиндик берилди. Ар бир кафедра кайсы предметти окута турганын өзү чечип жатат. Мисалы, көмөктөш ишканалар менен чогуу талкуулап, заман талабына жооп берген адистерди даярдоо үчүн кайсы сабактарды окутуш керектигин өздөрү тандап калды.

 Азыр бизге эң башкысы эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон адистиктерди заман талабына ылайыктап, окутуу үчүн окуу жайдын потенциалы, профессордук-окутуучулук курамы жогорку деңгээлде билим берүү менен ийгиликке жетишерин жана бул убакка чейин жетип келгендигин айткым келет. Жакшы жери акыркы жылдары иш берүүчүлөр менен кызматташтыкты күчөтүп, өндүрүш талап кылган адистерди даярдоого өткөндүгүбүз менен далилдегим келет.

         М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети үчүн 2022-жыл да жемиштүү жылдардан болду. Кыргыз Республикасынын экономикалык потенциалын өнүктүрүүдө КЭУ бир топ илимий изилдөөлөрдү жана долбоорлорду ишке ашырууда. Буга чейинки жемиштүү эмгектери үчүн социалдык-экономикалык, руханий  жана интеллектуалдык потенциалды өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен М.Рыскулбеков атындагы КЭУ “Даңк” ордени менен сыйланды.

Бул сыйлыкка жетүү үчүн КЭУ далай жемиштүү кыйынчылыктарды, натыйжалуу жеңиштерди багындырган. Мындай ийгиликтерди КЭУнун эволюциялык жол менен өнүгүшүндө чейрек кылым бою жетектеп келген Төлөбек Камчыбековдун эмгеги зор. Анын мыкты менеджер, ашып түшкөн чарбачыл, кесипкөй жетекчи өзү түптөгөн бышык, бекем пайдубалдын жардамы менен жогорку квалификациялуу кесип ээлерин, илимдин кандидаттарын, докторлорун чыгарып, өзү топтогон мыкты профессордук-окутуучулук жамаат менен жана университетти материалдык-техникалык базасы менен тийиштүү деңгээлде камсыз кылуу аркылуу айтылган ийгиликтерди, көк мелжиген бийиктиктерди багындырып келет.

КЭУнун окумуштуулары Кыргызстандын региондору боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келишет. Бүгүнкү күндө 3 региондун (Сузак, Кочкор, Түп райондору) ар бир айыл өкмөттөрү менен социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын түзүп, потенциалын изилдеп, алдыга карай өсүүдө кандай мүмкүнчүлүктөр бар экендигин, канча каражат талап кылынат, инвестицияны кантип тартуу керектиги ж.б.у.с. иштердин үстүндө иштөөдө. Дал ушул илимий багытта иш алып баруу үчүн ИИУ КЭУнун башкы илимий кеңешчиси Төлөбек Кадыралиевичтин көсөмдүгү, иш билгиликтүүлүгү менен региондорубуздун абалы, келечектеги жолу тууралуу изилдөө иштери жүрүп, өкмөт башчыларына, мамлекетибизге даяр материалдар сунушталууда.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен биздин окуу жайга “Илимий изилдөө университети” деген макам ыйгарылды. Демек, биздин окуу жайдын окумуштуулары жана уябыздан учурган кесипкөй адистер Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнө мындан ары да зор салымдарын кошот деген ишенимди артты.

Ушундай макамды алуу үчүн кандай иштер жасалды? Алыс кетпей, акыркы жаңылыктарды эле айтсак,

2022-жылдын 23-июнунда болгон “Expo Eurasian-2022” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, жыйынтыгында кереге маек дал биздин окуу жайда өткөрүлүп, бир топ эл аралык келишимдерге кол коюлду, кептин нугун ушул тарапка бурсак.

Акыркы учурда ЕвразЭК биримдигине кирген жогорку кесиптик окуу жайлардын ректорлорунун форуму 2022-жылдын 28-майында биздин окуу жайда өттү жана көп өтпөй, 23-июнда “Expo Eurasian-2022” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн жана “Eurasian Education Day” эл аралык форумунун алкагында “Евразия мамлекеттеринин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин негизги парадигмасы катары эл аралык бизнес жана билим берүү системаларынын өз ара аракеттенүүсү” аталышындагы тегерек стол өткөн. Ошондой эле, тегерек столдун жүрүшүндө Италиядан, Кытайдан, Россиядан келген өкүлдөр, ЖОЖдордун ректорлору жана Кыргызстандын билим берүү тармагындагы эксперттер билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган темадагы баяндамаларды жасашты.

23-июнда Кыргыз экономикалык университетинде “Университеттер – бизнес, билим берүү жана дипломатияны тартуунун жаңы эл аралык борборлору” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Натыйжада, көптөгөн эл аралык деңгээлдеги мемарандум, келишимдерге эки тараптуу колдор коюлду. Аталган эл аралык илимий-практикалык конференцияга Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, Чехия-Орто Азия соода-өнөр жай палатасынын президенти Иржи Неставал, “Эл аралык шериктештик” ассоциациясынын башкы директору Татьяна Балабанова жана Россия, Чехиянын билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышкан.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу конференциянын катышуучуларына Билим берүү жана илим министринин куттуктоо сөзүн жеткирип, конференция биринчи кезекте бизнестин, мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн, окумуштуулардын, эксперттердин, академиялык коомчулуктун өкүлдөрүнүн пикир, идеялары менен алмашуу аянтчасы болушу керек деп белгилеген.

 Тегерек столдун жүрүшүндө Чехия-Орто Азия соода-өнөр жай палатасы Кыргыз экономикалык университети, “Билим-Стандарт” көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги жана Россиядан келген ассоциациялар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлган.

Ошол келишимдин алкагында биздин студенттерге Чехиянын жогорку окуу жайларына барып окуп, тажрыйба топтоп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эки өлкө ортосунда түзүлө турган борбор жалпы Орто Азия үчүн иштейт. Анда студенттер чет тилин, анын ичинде чех тилин үйрөнүшөт. Анткени, студенттер ал жакка барганда стипендия алып, бекер окушат.

КМШ Экономикалык кеңешинин “Продукциянын жана кызмат көрсөтүүнүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн 2021-жылдагы КМШ Сыйлыгын ыйгаруу жөнүндөгү” чечимине ылайык, конкурстун лауреаттары жана дипломанттары аныкталды. Биздин окуу жай,  продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн 2021-жылы КМШ Сыйлыгын изденип алуу конкурсунун «250 адамга чейин иштегендердин кызматтары» номинациясынын дипломанты болуп калды. КМШ Экономикалык кеңешинин чечими 2022-жылдын 18-мартынан тартып кабыл алынган. Бул Кыргызстандын тарыхында билим берүү чөйрөсүндөгү биринчи жаңылык десек жаңылышпайбыз.

Жогоруда аталган сыйлыкты изденип алуу конкурсу КМШга катышкан мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы чечимине ылайык уюштурулган.

Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктер үчүн КМШ сыйлыгын изденип алуу конкурсу:

— КМШга катышкан мамлекеттер өндүргөн продукциялардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;

— КМШга катышкан мамлекеттердин уюмдарынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;

— КМШга катышкан мамлекеттерде жогорку сапаттагы продукцияны өндүрүүгө дем берүү же жогорку сапаттагы кызмат көрсөтүү жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизүү.

КМШ сыйлыгына катышуу уюмдарга өзүн-өзү баалоо жолу менен жакшыртуу үчүн тармактарды аныктоого жана ишмердүүлүктү өркүндөтүүгө, сапат маданиятын жогорулатууга, продукциянын сапатын, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана уюмдардын экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Сыйлыкты издөө конкурсунун лауреаттары жана Дипломанттары сыйлык берилгенден кийин 3 жылдын ичинде сыйлык эмблемасын жарнамалык максаттарда пайдалануу укугуна ээ болушат. Бүгүнкү күндө, ИИУ КЭУ сыйлык эмблемасын пайдаланууда.

Жогоруда кеп кылган жагдайлар акыркы 2 жылдын бир гана сүртүмдөрү. Албетте, 70 жылдык тарыхы бар окуу жайдын жетишкендиктерин 1995-жылдан тартып, атап айтсак жалаң Төлөбек Кадыралиевич Камчыбеков агайыбыздын аты менен тыгыз байланышта.

Төлөбек Кадыралиевич алган мамлекеттик сыйлыгыңыз кут болсун! “Манас” орденинин артынан дагы далай сыйлыктар келсин! Окуу жайыбыздын юбилейлик маарекеси кут болсун, КЭУнун келечеги  кең болсун!

 

 

 

Назира Жапаралиева,

М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУнун

                                Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер

                                кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент