
Новости 12:25 12.09.2023
КЭУ ИИУнун активист-студенттери Ысык-Көлдө эс алды
М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУ жыл сайын активист студенттери үчүн Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдө эс алуу уюштурат.
Бул салт быйыл да сакталып, 2022-2023-окуу жылында активүүлүгүн ар тараптуу көрсөткөн студенттерге 8-11-сентябрда “Барчын” эс алуу жайында 3 күндүк энергия топтоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Окуу жай боюнча миңдеген студенттер арасынан жүзгө жакыны KEU club, Enactus KEU, “Альфа”, “Дельта”, “Гамма”, “Бета” өңдүү студенттик бирикмелердин мүчөлөрү, Экономика жана сервис колледжинин активисттери суурулуп чыкты.
КЭУнун окуудан тышкаркы проректору Нурматова А.А. көлдөгү эс алууну эсте калгыдай тимбилдингдер менен коштоп берди. Өз учурунда студенттер суйүктүү окуу жайынын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, бул күндөр студенттик кезинин эң кызыктуусу болгонун, эс алуу курдаштарын дагы жакындан таанып, байланыштарды бекемдегенин баса белгилешти.
latest_news

Встреча Руководства КЭУ с Преподавателем из США
15:05 19.09.2023

Требуются сотрудники (парни) в международную компанию....
10:00 19.09.2023

Продолжается прием заявок на магистратуру и PhD
12:05 15.09.2023