Новости 13:50 14.06.2023
Академиялык мобилдүүлүк:КЭУ жана АТУ студенттери окуу-өндүрүштүк практикада
М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун 2-3-курстарынын студенттери Алматы технологиялык университетинде (АТУ) окуу графигине ылайык өтүүчү окуу-өндүрүштүк практикадан өтүштү.
Практиканын алкагында студенттер үчүн конок лекциялары жана мастер-класстар уюштурулуп, экономика багытындагы тажрыйбалуу окутуучулар тарабынан өндүрүш практиктеринин катышуусунда өткөрүлдү. Бул иш-чаралар студенттер үчүн экономика тармагындагы акыркы тенденциялар жана заманбап ыкмалар менен таанышууга, ошондой эле реалдуу өндүрүш секторунун эксперттеринен баалуу практикалык билимдерди алууга эң сонун мүмкүнчүлүк болуп калды.
latest_news
«Развитие банковского сектора и инновационные решения KICB»...
16:20 27.10.2025
Гостевая лекция на тему: «Основы финансовой грамотности»...
13:05 24.10.2025