banner

КЭУнун 70 жылдыгына карата Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланышты

Новости 10:50 02.06.2023

КЭУнун 70 жылдыгына карата Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланышты

2023-жылдын 1-июнунда М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде (КЭУ ИИУ) университеттин 70 жылдыгына арналган III эл аралык студенттик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Олимпиада 2023-жылдын 2-майынан 28-майына чейин онлайн, офлайн таризде өткөрүлдү. Олимпиаданын программасына жогорку окуу жайлары үчүн адистиктердин негизги курстарынын бардык бөлүмдөрү боюнча тапшырмалар киргизилген. Олимпиаданын жүрүшүндө студенттер даярдоонун бардык багыттарынан 21 дисциплина боюнча ат салышты.

Олимпиада интеллектуалдык таймаштын формасы катары студенттердин илимий чөйрөдө теориялык билимдерин гана аныктоо менен чектелбестен, ѳздѳштүргѳн билимди салттуу эмес кырдаалдарда иш жүзүндѳ колдонуу жөндөмүн ачууга, чыгармачылык ой жүгүртүүгѳ мүмкүндүк берет.

Олимпиадага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, «Манас» Кыргыз-түрк университети, Б.Ельцин атындагы КРСУ, «Ала-Тоо» эл аралык университети, И.Раззаков атындагы КМТУ, ЖАМУ, ОшМУ, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Л.Н.Гумилев атындагы ЕУУ (Казакстан, Астана), Аль-Фараби атындагы КазМУ, Абай атындагы Казакстан улуттук педагогикалык университети (Казакстан, Алматы), Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Кыргыз-герман колдонмо информатика институту (КГКИИ), К.Карасаев атындагы БМУ, Кейин эл аралык институту, И.Арабаев атындагы КМУ, Эл аралык инновациялык технологиялар университети, КЭАУК сыяктуу ата мекендик жана чет өлкөлүк ЖОЖдордон 800дөн ашык студент жигердүү катышып, жыйынтыгында 83 студент I, II, III даражадагы дипломдорго татыктуу болушту.

Иш-чаранын демөөрчүлѳрү болгон «FINCA Банк» ЖАК, «Азия Ритейл» ЖАК, «Осма Групп» ЖЧК, «IT Helper» ЖЧК, КРнын Жөө жүрүүчүлөр ассоциациясы, «Алтын» зергер холдинги жана КРнын Зергерлер ассоциациясы, «КРнын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААК, «Колизей» компаниясы, Be free Билим берүү борбору, «АСМ Строй» ЖЧКсы, «Россиялык кызматташуу», «Билим Прогресс» ЖЧКсы, «Ин Круиз», «НСП» компаниясы, «ЗАЛКАР строй» ЖЧК курулуш компаниясы, «Golden Work & Travel ZhCHK» тарабынан Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана сыйлыктар тапшырылды.

Олимпиаданын жүрүшүндө татаал олимпиадалык тапшырмаларды аткарууда студенттер максатка жетүүгѳ умтулгандыкты, стандарттуу эмес ой жүгүртүүнү көрсөтүштү. Бул олимпиадага катышуу тажрыйбасы аларга көп нерсени үйрөттү деп ишенебиз. Сыноолордон ийгиликтүү ѳткѳн жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана бул жетишкендиктер менен чектелбестен, жаңы бийиктиктерди багындырып, өнүгүү жолунда талыкпастан эмгектенүүгѳ чакырабыз. Мындан аркы ийгиликтерди жаратууда чыгармачылык дем жана күн сайын позитивдүү болушуңуарды каалайбыз!

Ошону менен бирге алардын талантынын өнүгүшүнө салым кошкон ар бир студенттин жетекчилерин куттуктайбыз! Ошондой эле М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУда жыл сайын жогорку деңгээлде ѳткѳрүлүп жаткан эл аралык студенттик олимпиаданын уюштуруучуларына жана ар бир дисциплинага жооптуу профессордук-окутуучулук курамга терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин билимиңер, өз ишиңерге берилгендик – студенттердин жана университетибиздин ийгилигинин негизи экенин баса белгилеп кетмекчибиз.

ФОТО РЕПОРТАЖ