banner

Сергек жашоону колдоо үчүн КЭУда "Фитнес, фито-чай-салат борбору" ачылды

Новости 16:05 23.05.2023

Сергек жашоону колдоо үчүн КЭУда "Фитнес, фито-чай-салат борбору" ачылды

Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланганКыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуудолбоору Бишкек шаарындагы 5 жогорку окуу жайына чакан гранттар программасы аркылуу, студенттер арасында сергек жүрүм-турумду жайылтуу максатында 2 миллион сомдон ашык каражат бөлдү.

Бул долбоор алкагында, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде 16-май күнү - аралаш йога, фитнес-хореография, стол үстүндөгү спорт боюнча зонанын жана студенттерди пайдалуу тамак-аш менен камсыз кылуу жана туура тамактанууну жайылтуу максатында “Фито-чай-салат бар” ачылышы болуп өттү.

Ачылышка КЭУ ректору А.Т.Кадыралиев,  э.и.к., доцент окуу-усулдук иштер боюнча проректор Д.М.Турсуналиева, Окуудан тышкаркы жана социалдык иштер боюнча проректор А.А.Нурматова, ЖжМДнин директору Исаул к. В, профессор Б.К.Сыдыков, э.и.к., доцент Окуу-методикалык бөлүмүнүн башчысы А.Т.Сурамбаева  студенттер катышты жана ЖЭО долбоорунун жетекчилиги катышты. 

Университеттердин арасында чакан гранттар программасы 2022-жылдын октябрь айында жарыяланган. Грант алууга 14 университет арыз берген. Программанын негизги максаты студенттердин ден соолугун чыңдоо жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу болуп саналат. ЖОЖдордо физикалык активдүүлүктү жана туура тамактанууну жайылтуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, жугуштуу эмес оорулардын жүрүм-турум тобокелдик факторлорун азайтууга жардам берет. Университеттер арасында чакан гранттар программасынын алкагында 5 окуу жай  ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн грант алды:

  • М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университети - аралаш йога, фитнес-хореография, стол үстүндөгү спорт боюнча зонаны уюштуруу. Студенттерди пайдалуу тамак-аш менен камсыз кылуу жана туура тамактанууну жайылтуу максатында “Фито-чай-салат бар” ачылышы.
  • И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети - окуу жайдын кампусунда спорт аянтчасын орнотуу;
  • Эл аралык Кувейт университети – спорт аянтчасын жана сырткы машыгуучу тренажерлорду орнотуу, машыгуу залына спорттук жабдууларды сатып алуу;
  • Адам университети – студенттердин спорт менен машыгуусун колдоо максатында, окуу жайдын спорт залын жабдуу;
  • Эл аралык Ала-Тоо университети – физикалык активдүүлүктү жогорулатууга түрткү берүү максатында, окуу жайдын спорт залын жабдуу;

Учурда бардык университеттерде спорт аянтчалары жана пайдалуу тамактануу пункттары орнотулуп бүттү. Чакан гранттар программасынын алкагында, университеттер студенттердин ден соолугун чыңдоо максатында маалымат кампанияларын жана ден соолук күндөрүн/жарманкелерин өткөрүштү.

ЖЭО – бул өнөкөт, жай өөрчүгөн оорулар. Аларга жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети кирет. 2020-жылы жүрөк-кан тамыр оорулары Кыргызстанда өлүмдүн негизги себеби болуп, өлкөдөгү бардык өлүмдөрдүн 52%ын түздү. Экинчи орунда онкологиялык оорулар (10,8%), андан кийин дем алуу органдарынын оорулары (6,9%) турат. Физикалык активдүүлүктүн төмөндүгу, туура эмес тамактануу, алкоголду ашыкча пайдалануу жана тамеки чегүү жугуштуу эмес ооруларга алып келиши мүмкүн болгон жүрүм-турум негизги тобокел факторлору болуп саналат.

Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун максаты сапаттуу баштапкы медико санитардык жардам көрсөтүүгө бирдей мүмкүнчүлүк алуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу аркылуу Кыргызстан калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жогорулатуу болуп саналат. 2018-жылдан тарта долбоордун биринчи фазасы Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл обулустарын камтыган. Долбоор 2022-жылдын июль айынан баштап Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында ишке ашырылууда. Толук маалымат үчүн: https://ncdproject.kg/. Фейсбук: https://www.facebook.com/ncd.kyrgyzstan