
Новости 14:35 22.05.2023
“Китеп – илим менен билимдин булагы”
2023-жылдын 19-майында Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин А.Орузбаев атындагы Илимий китепканасында окуу жайдын 70 жылдык мааракесине арналган “Китеп – илим менен билимдин булагы” аталышындагы иш-чара болуп өттү.
Китепканасыз бир да окуу жайды, өнүккөн коомду элестетүү мүмкүн эмес. Китепкананын тарыхы университеттин тарыхы менен тыгыз байланышта.
Бул күнү өткөн китеп майрамына э.и.к., доцент окуу-усулдук иштер боюнча проректор Д.М.Турсуналиева, Окуудан тышкаркы жана социалдык иштер боюнча проректор А.А.Нурматова, э.и.д., профессор К.А.Алымбеков, э.и.д., профессор Б.К.Сыдыков, э.и.к., доцент Окуу-методикалык бөлүмүнүн башчысы А.Т.Сурамбаева, каттоо кеңсесинин башчысы Н.А.Маматова жана башка кафедра башчылары, окуу жайыбыздын Экономика жана тейлеме колледжинин окутуучулары жана студенттери активдүү катышышып, китептерди белекке беришти.
Өзгөчө белгилеп кетсек, көп жылдар бою окуу жайдын китепканасында китепканачы, китепкана жетекчиси болуп талбай эмгектенген И.И.Бальджикованын уул-келини 500дөн ашык китепти белекке алып келишти.
Иш-чаранын коноктору болуп А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын башчысы С.А.Бобушева, Бишкек шаарындагы № 18 орто мектептин бүтүрүүчү классы мугалиминин жетекчилигинин астында катышышты. ИИУ КЭУнун Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Б.К.Сыдыков окуучуларга кесипке багыттоо иштери катары окуу жайыбыз жөнүндө кенен маалымат берди.
Китеп күнүнөн видеорепортаж соц. баракчабызда.
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025

Во главе угла - экономика!
14:00 04.06.2025