
Новости 16:55 11.04.2023
Билим айдыңындагы жаңылык жарчыларына арналган көргөзмө
2023-жылдын, 11-апрелинде А.Осмонов атындагы улуттук китепканада– “Эл агартуу” журналынын 95 жылдыгына, “Кут Билим” газетасынын 70 жылдыгына жана “Русский язык и литература в школах Кыргызстана” журналынын 65 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды.
Анын салтанаттуу ачылышына КР Президентинин кеңешчиси А.Койчиев, Билим берүү жана илим министри К.Иманалиев, экс-министр И.Болжурова, академик Б.Мурзубраимов, КР Журналисттер союзунун төрагасынын орун басары К.Раматов, ЖОЖ жетекчилери М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУнун проректору Д.Турсуналиева ж.б. көптөгөн агартуу тармагынын өкүлдөрү, күйөрмандары келип, чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорун айтышты.
Адатта басылмаларда өкүм сүргөн атаандаштыктан алыс, бийиктикте бири-бирин толуктап келаткан үч басылманын бир туугандык жакындыгын айткан министр Каныбек Иманалиев өз сөзүндө бүгүнкү иш-чара кылымга тете майрам экендигин баса белгиледи. “Акыркы бир кылымда Кыргызстандагы мугалим, директор, окумуштуу, ректор, академик, Кыргыз эл жазуучусу, эл акыны, драматург жана башкалардын бүт өмүрү ушул үч басылма менен байланышкан. Аталган үч басылмасыз кыргыз интеллигенциясынын асыл муунун элестетүү мүмкүн эмес. Бул басылмалар – кыргыз интеллигенциясынын энциклопедиясы” – деди ал.
Белгилесек, 2022-жылы Билим берүү жана илим министрлиги үч басылманын редакцияларын бириктирип, “Кут Билим” медиа борборун түзгөн.
***
М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУнун ректору Кадыралиев А.Т.“Кут Билим” медиа борборунун бул маарекеси менен чын дилден куттуктайт!
Билимди жана маалыматты жайылтуу миссияңыздарда мындан ары да ийгиликтерди жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм. Ар бир чыгарылыш ар дайым кызыктуу жана мазмундуу болуп, ар бир барак окурмандарыңыздын өнүгүүсүнө жана жаңы билимдерге ээ болушуна салымын кошсун.
Эмгегиңиздер жана кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, көп жемиштүү жылдарды каалайм!
Урматтоо менен Кадыралиев А.Т.
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025

Во главе угла - экономика!
14:00 04.06.2025