
Новости 17:10 14.02.2023
ИИУ КЭУ жана Будапешт Метрополитен Университети бизнес жана туризм багыты боюнча кызматташат
КРнын Президенти Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында, Будапештте алгачкы жолу кыргыз-венгер ректорлорунун жыйыны өтүп жатат. Форумга М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУ ректору Кадыралиев Алмаз Токтобекович катышууда.
Ректорлордун конференциясынын биринчи күнүндө Обуда жана Будапешт Метрополитен Университтеринин ишмердүүлүгү менен таанышуу болду.
Бизнес, коммуникация жана туризм багытындагы мыкты окуу жайлардын бири болгон “Метрополитен Университети” менен ИИУ КЭУ ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Ошондой эле форумдун биринчи күнү, ЖОЖ жетекчилери Будапешт шаарындагы Этнография музейинде кыргыз буюмдарынын сүрөттөрүнүн көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.
Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган форум алкагында ректор Кадыралиев Алмаз Токтобековичтин Венгриянын алдыңкы төрт ЖОЖу менен дагы кызматташуу меморандумуна кол коюлаары күтүлүүдө.
.
latest_news

XVIII сессия Европейско-Азиатского правового конгресса...
13:00 25.06.2025

Информационная встреча для иностранных студентов и преподавателей...
14:00 24.06.2025

Чемпионы Национальных соревнований Expo 2025
13:00 11.06.2025

EXPO Жаштар Стартаптары 2025 — Улуттук чемпиону!
12:20 11.06.2025

Во главе угла - экономика!
14:00 04.06.2025