Новости 12:25 14.02.2023
Лудомания - коркунучтуу оору
2023-жылдын 10-февралында М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин Экономика жана сервис колледжинде, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин 23 январындагы №31/1 буйругунун аткаруу максатында, КЭУнун чоң жыйындар залында коледждин бардык адистиктеринде билим алып жаткан студенттерине, «Компьютердик, автоматтык жана кумар оюндардын зыяндуулугу, Лудомания - коркунучтуу оору», темасындагы көлөмдүү лекция Э. Алиев атындагы ИИМ Академиясынын Кылмыш жаза кафедрасынын доценти Ажыгулов Мирбек Токторбекович тарабынын болуп өттү.
Азыркы учурда жаш муун, кумар, автоматтык оюндарга кызыгуусу көбөйүп жаткандыгы баардыгыбызга белгилүү, ошол көйгөйдү лектор статистикалык маалыматка, фактыларга таянып, абдан кызыктуу түшүндүрүп берди.
Иш-чаранын алкагында, купуя тестирлөө өткөрүлдү, студенттер лекцияны кызыгуу менен кабыл алып, бул маселе абдан чоң суроо жаратып лекция өз максатына жетти.
latest_news
Как Кыргызстану зарабатывать на знаниях?
16:20 25.09.2026
«Эне тилим — жүрөгүм»: КЭУ ИИУда Кыргыз тили күнү белгиленди...
14:45 23.09.2026
23-СЕНТЯБРЬ — КЫРГЫЗ ТИЛ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!
09:25 23.09.2026